Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Спорт: Жеңгени да, жеңилгени да бар


3-декабрда Австрияда жел кайык боюнча дүйнө чемпионаты, Москвада каратэ дүйнө биринчилиги башталат. Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө.

2-декабрда Астана шаарында тогуз коргоол боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кубогуна арналган эл аралык мелдеш соңуна чыкты.

"Мында Кыргызстан, Монголия, Түркмөнстан жана Казакстандын тандалган 70 оюнчусу мөрөй талашты. Өлкө намысын 5 оюнчу коргоп, Венера Бейшекеева бешинчи орунду ээледи", - дейт Тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов.

Бул мелдештин башкы байгеси унаа болгондуктан таймашуу курч мүнөздө өтүп, калыстар жергиликтүү оюнчуларга тартып коюшканын адистер айтышууда.

Волейбол: таймаш курчуду

Учурда Бишкекте волейболдон кыргыздын белгилүү кино ишмери, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүү мелдеши өтүүдө.

Мында Баткен облусунан башка бардык аймактардан командалар келип, таймашуу курч мүнөздө өтүп жатат. Өлкөнүн чемпиону “Салам-Алик” жана Ички иштер министрлигинин, Нарын облусунун “Теңир-тоо-Замандаш” командалары алгачкы беттешүүлөрдө утушка ээ болушту.

Ысык-Көлдүн “Жаңы муун”, Ош облусунун “Ош бажысы” командалары да баш байгеге талапкер болушу ыктымал дешет адистер.

Мыктылар тандалууда

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда 30-ноябрдан бери бокс боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө. Мында Ала-Тоонун бардык аймактарынан тандалган 108 бокс чебери күч сынашып жатышат.

2-декабрда 10 салмак боюнча чейрек финалдык таймашуулар болду. Жеңил салмакта жарым финалга жалалабаддык Орозбай Уразбаев менен бишкектик Талантбек Заиров, экинчи жарым финалда бишкектик Мирлан Туркбай уулу менен Асылбек Назаралиев чыкты.

52 кило салмакта баш байгеге чүйлүк Азат Үсөналиев же жалалабаддык Мирбек Шеров талапкер болушу ыктымал дешет адистер. 56 кило салмакта өлкө намысын коргоп жүрүшкөн көлдүк Медер Макакеев менен чүйлүк Өмүрбек Малабековдун даярдыгы дурус экени байкалды.

60 кило салмакта жарым финалга чыкккан чүйлүк Нурлан Кобашев атаандаштары күчтүү болгонун, эми Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылаарын “Азаттыкка” маалымдады.

Бокс боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун айтымында, өлкө чемпионатына айрым облустардын устаттары шакирттерин начар даярдап келгени айкын болду.

3-декабрда чемпионаттын жарым финалдык беттешүүлөрү болот. Жеңүүчүлөрү 4-декабрда аныкталат.

Тоголонуп топ кетти

Учурда футзал же кичи футбол боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтүүдө. Өлкөнүн Кичи футбол ассоциациясынын башкы адиси Ырыскелди Мусаевдин айтымында, жогорку лигада 12 команда, биринчи лигада 16 команда мөрөй талашып жатат.

- Футзалдын жеңүүчүлөрү келээрки жылдын март-апрель айларында аныкталат. Оюндар ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү өтүп, мыктылары иргеле бермекчи.

Бүлбүлдөй жалгыз жел кайык

3-декабрда Австриянын Перте шаарында жел кайык боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Мында жеңип чыккандарга 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомолор берилет.

Дүйнөлүк жарышка Кыргыз туусун Иья Игнатьев жалгыз көтөрүп барды. Ал “Лазер” үлгүсүндөгү жел кайык менен жарышка чыгат.
XS
SM
MD
LG