Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Мелдеш, мара, мөөрөй


Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев Москвада бильярд боюнча Кремль Кубогуна арналган мелдешке катышууда.

Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев Москвада бильярд боюнча Кремль Кубогуна арналган мелдешке катышууда.

Алматыда кол күрөштөн дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар 9 медаль утту. Бишкектин “Карвен” командасы үстөл теннисинен Казакстандын чемпиону болду.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигигин бөлүм башчысы Канатбек Арпачиевдин айтымында, Алматыда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык чоюн билек балбандар 9 медаль утуп келишти.

Мында Азия чемпиону Ольга Ярославцева ардагер аялдар арасындагы күч сынашууда дүйнө чемпиону аталды. Ал 70 кило салмакта оң колу менен алтын байге уста, сол колу менен күч сынашууда экинчи орунду ээледи. Жаштар арасындагы билек сыноодо Чыңгыз Мамакеев финалга чейин жетип, эки күмүш медаль тагынды. Александр Ли менен Мирза Валилов да экинчи орунга жетти. Артур Шмойлов дагы бир күмүш жана коло байгенин ээси болду. Бактияр Кубанычбеков дагы дүйнө чемпиоатынын коло байгесин утту.

Жаштардын алгачкы жеңиши

Орусиянын Надым шаарында өткөн бокс боюнча уландар арасында эл аралык мелдеште 1 алтын, 2 коло байге утуп алышты. 64 кило салмактагы Изатилло Шермахамадов биринчи орунду ээлеп, адистердин көңүлүн бурду. Хакимзада Акылбек уулу менен Атабек Акматов коло байгелүү болушту. Жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдымомуновдун пикиринде, табына келтирип таптаса бул жигиттерден мыкты бокс чебери чыгат.

Аскарбек алдырбады

Алматыда өткөн эркин күрөш боюнча уландар арасындагы эл аралык таймашта Аскарбек Бакытов баш байгени утуп келди. Аскарбек 76 кило салмакта Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан келген атаандаштарынын баарын жеңип алды.

Бишкектин "Карвен" командасы - Казакстан чемпиону

8-декабрда Алматыда үстөл тенниси боюнча кыз-келиндер арасында Казакстандын ачык чемпионаты аяктады. Мында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын отузга жакын командасы мөөрөй талашты. Жыйынтыгында Бишкектин “Карвен” командасы бардык атаандаштарын утуп, Казакстандын чемпиону аталды.

Олимпиада чемпионунун байгеси

Бишкекте 10-декабрда оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык турнир башталат. 24-ирет өткөрүлүп жаткан мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан балбандары келээрин башкы калыс Өмүржан Молдодосов “Азаттыкка” айтып берди.

Каныбек - Кремль Кубогунда

Учурда Москва шаарында бильярд боюнча Кремль Кубогуна арналган мөөрөй талашуу өтүүдө. Өлкө намысын коргоп жаткан дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев орусиялык Сергей Михайловду утуп алды. Кийинки атаандашы дагы 14 жаштагы орусиялык Игорь Фомкин болмокчу.

Кыргызстандык жигиттер Антон Нетесов, Ызатбек Ратбеков, Камолиддин Есиддинов жана Азиз Мадаминов дагы биринчи беттешүүлөрдү утуп, кийики таймашууларга жолу ачылды. Алатоолук Ильяс Адамов гана жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калды.

Сноубординг сыноосу

Бул күндөрү Орусиянын Красноярск шаарында спорттун кышкы түрү - сноубординг боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Отуздан ашуун атаандашынан бишкектик бир туугандар Павел Вакурин 13-орунга, Алексей Вакурин 18-орунга илинди. 9-декабрда жеңүүчүлөрдү аныктоочу сноубординг сыноосу болмокчу.

"Салам-Аликтин" сапары

Учурда Орусиянын Новосибирск шаарында волейбол боюнча эл аралык турнир өтүп жатат. Мында өлкөнүн чемпиону “Салам-Алик” командасы Орусия, Казакстан, Өзбекстандын тандалган командалары менен мөрөй талашууда.

"Алтын илбирс кубогун" ким утат?

9-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Алтын илбирс кубогу” аталган эл аралык кикбоксинг турнири болмокчу. Мында 63,5 кило салмакта Кыргызстан, Украина, Орусия жана Белорусия мамлекеттеринен тандалган 4 мушкер мөөрөй талашат. Кыргызстандын намысын интерконтиненталдык чемпион Алексей Федосеев коргойт.
XS
SM
MD
LG