Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси


Таймаштын жүрүшүнөн, 11-декабрь.

Таймаштын жүрүшүнөн, 11-декабрь.

11-декабрда Бишкекте оор атлетикадан дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан белгилүү оор атлетчи, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиадалык оюндардын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш быйыл жыйырма төртүнчү ирет өткөрүлдү. Бул жолу чоюн билек балбандардын таймашына Кыргызстан жана Казакстандан тандалган оор атлетчилер катышты.

Анда жеңил салмакта биричи орунду казакстандык Дмитрий Шубаба камсыз кылды. 62 кило салмакта Кыргызстандын намысын коргогон токтогулдук Изат Артыков бардык аттандаштарын утуп, баш байгенин ээси болду. 120 килону жулкуп, 145 кг. салмакты түртүп көтөргөн 17 жаштагы Изат келечекте Каныбек Осмоналиев сыяктуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга аракет кылаарын “Азаттыкка” айтып берди.

Таймаштын жүрүшүнөн, 11-декабрь.

Таймаштын жүрүшүнөн, 11-декабрь.


69 кг. салмактагы атаандашууларда мыктылар иргелип олтуруп, казакстандык Игорь Козак жеңиштин бийик секисине көтөрүлдү. Мында казакстандык Александр Пушкарь күмүш байгелүү болду.

77 кг. салмакта казакстандык Денис Уланов биринчи орунду ээледи. Экинчи орун дагы казакстандык Медет Жундубаевге буюрду. 85 кг. салмакта баш байгени казакстандык Эрбол Мейрманов утуп, 150 кг. салмакты жулкуп, 180 кг. оордукту түртүп көтөрүп, чеберчилиги менен таанылды. Бул салмакта экинчи орунду да казакстандык Геннадий Ли ээлесе, үчүнчү орунга кыргызстандык Болотбек Шамшиев татыктуу болду.

94 кг. салмакта да казакстандык Жосулан Кыдырбаев алтын медаль тагынды. Ал 165 кило салмакты жулкуп, 200 кг. оордукту түртүп көтөрдү. Кыргызстандын намысын коргогон Кубаныч Токтоналиев экинчи орунду ээледи. Анын көрсөткүчү - 130 кг. жулкуп, 166 кило салмакты түртүп көтөрүү менен жалпысынан Жосуландан 69 килограмм аз болуп калды.

Мелдеште мөөрөй алган казакстандык балбандардын устаты, Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Амангелди Рымкулов таймашуулар курч болгонун айтып, турнирди эл аралык деңгээлге жеткирүү зарылдыгын “Азаттыкка” билдирди:

- Ар жыл сайын Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган жарыштарга казакстандык балбандарды алып келем. Айрым балбандарыбыз Казакстандын рекордун жаңыртты. Жаштар үчүн мындай таймашуулар абдан керек. Турнирди мындан дагы бийик даражага жеткирип, бүткүл Азиянын, Орусиянын балбандары келгендей жагдай түзүү зарыл.

105 кг. салмакта да казакстандык Игорь Вашанов биринчи орунду ээлесе, эң оор салмактагы спортчулардын баш байгесин да казакстандык Астемир Марштула утуп алды.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эсен Майназаров быйыл казакстандык балбандар мыкты даярдык менен келишкенин белгилеп, кыргызстандык спортчулар үчүн оор атлетика жабдуулары жетишсиздигин “Азаттыкка” айтып берди.

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев болсо мелдештин деңгээлин жогорулатуу үчүн спорт жетекчилери кайдыгер болбой, жаштарга шарт түзүп берүү керектигин айтат:

Каныбек Осмоналиев

Каныбек Осмоналиев


- Намыс талашуу кандай болоорун, жеңишке жетүүгө кандай эмгек, машыгуулар керектигин, чеберчиликти кантип жогорулатуунун зарылдыгын жаштар ушундай мөөрөй талашууларда жон териси менен сезип, жоопкерчилиги күчөйт. Өлкөнүн атын чыгарып, аны даңазалоонун бир мүмкүнчүлүгү ушундай мелдештерде айкын болот. Бул мелдеш жеке мен үчүн эмес, жалпы жаштар үчүн, алардын чебергилиги жогорулоо үчүн керек.

Кыргыз кыздарынан биринчи эл аралык спорт чебери аталган Жаңыл Окаева атасынын таасири менен оор атлетика менен машыккан. Бул ирет дагы ал жеңил салмактын жеңүүчүсү аталды. Калган 4 салмакта казакстандык балбан кыздар Лидия Ануфриева, Фаина Сиванбаева, Анастия Швабаур жана дүйнө чемпиону Надежда Ногай биринчи орунду жеңип алышты.

Каныбек Осмоналиев оор атлетикадан 1980-жылы Москвада өткөн 22-Олимпиа оюндарынын чемпиону аталып, жалпы жыйынтыкта 247,5 кг. оордук көтөргөн.

Ал оор атлетиканын эң жеңил салмагы (52 кг.) боюнча Европанын 2 жолку (1978, 1981), дүйнөнүн 4 жолку (1978 - Швеция, 1979 - Греция, 1980 - Москва, 1981 - Франция) жана СССРдин 2 жолку (1975) чемпиону болгон.

Мындай ийгиликтерге жетүүсүнө учурда Израилде жашап жаткан анын машыктыруучусу Семен Иткиндин салымы зор.

Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрүнө байгелерди жана баалуу сыйлыктарды Каныбек Осмоналиев өзү тапшырды.
XS
SM
MD
LG