Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Жапониядан дзюдочуларга жардам келет


Кыргызстандык дзюдочулар Париждеги мелдеште сыналат. Жапония дзюдочуларга 890 миң сомдук жардам берет.

Жапония Кыргызстанга дзю-до спортун өнүктүрүүгө 890 миң сом бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова билдирди.

- 2-февралда Жогорку Кеңеште 2011-жылдын 7-октябрында Бишкекте кол коюлган Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен кыргыз өкмөтүнүн гранттык макулдашууну ратификациялоо маселеси каралды.

Сунушталган макулдашуу боюнча Жапония тарабына татами сатып алууга 69,2 млн. йен өлчөмүндө грант бөлүнөт. Натыйжада Бишкек жана Токмок шаарларындагы 4 дзю-до залы татамилер менен жабдылмакчы.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары дзю-до менен машыгуу үчүн татами төшөлмөлөрдүн Бишкек жана Чүйгө гана берилип жатканын сынга алып, башка аймактарга берүү керектигин белгиледи.

"Учурда аймактарда спортту өнүктүрүү зарылчылыгы турса, жалаң борборго басым жасаганга болбойт", - дейт депутат Канатбек Исаев.

Учурда өлкөдө дзю-до спорту менен 7 миңдей адам машыгат. Басымдуу көпчүлүгү Чүй облусу менен Бишкек шаарында.

Париждеги таймашуу

Өлкөнүн дзю-до боюнча курама командасы Франциянын борбору Парижде 4-февралда баштала өтө турган Grand Slam эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Дзю-до федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов “Азаттыкка” маалымдады.

- Турнирде Кыргызстандын намысын төрт балбан коргойт: Чыңгыз Мамедов (90 кг), Ислам Баялинов (66 кг), Азат Кубакаев (73 кг) жана Юрий Краковецкийден (100 кг.) үмүт чоң.

Турнирге 60тан ашуун өлкөнүн балбандары катышат. Командалардын көп болгону мелдеште Лондондогу олимпиадага жолдомо берүүчү упайлар ойнотула тургандыгы менен өзгөчөлөнүп турат.

"Бишкек" клубу алдыда

Кант шаарында “Бишкек” футзал клубу Казакстандын ачык чемпионатында Алматынын ЦСКА командасын 5:2 эсебинде утту.
Оюндун жүрүшүндө атаандаштардын дарбазасына “Бишкектин” чабуулчусу Нуржан Жетибаев 2 топ, Эрсултан Эрмеков, Мирлан Эшенов жана Азамат Меңдибаев бирден гол киргизди.

Теннисчилердин ийгилиги

Кытайдын Шэнжэн шаарында теннис боюнча федерациянын кубогуна арналган мелдеш өтүүдө. Мында Кыргызстандын тандалма командасы үчүнчү утушка ээ болду.

Теннисчилер Сингапур өлкөсүнүн командасына каршы туруп, жеке таймашта Инна Волкович менен Бермет Дуванаева сингапурлук атаандаштарын артыкчылык менен жеңип алышты.

3-февралда Шри-Ланка өлкөсүнүн оюнчулары менен беттешип, аларды да утуп алышты. 4-февралда Гонконгдун теннисчилери менен таймашка чыгат.

Жеңилүү да чоң сабак

31-январдан бери Алматы шаарына жакын жайгашкан "Медео" муз айдыңында топ хоккейи боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары өтүүдө. Мында 14 өлкөнүн командасы үч топко бөлүнүп, мөрөй талашууда. Дүйнө чемпионатына алгач ирет катышып жаткан Кыргызстандын тандалма командасы "С" тобунда Эстония жана Жапониянын хоккейчилери менен беттешти. Натыйжада бардык оюндарда кыргызстандык оюнчулар жеңүү ызасын тартышты.

Кыргызстандын бенди, же топ хоккейи боюнча курама командасы Жапония командасына 0:8 эсебинде жеңилип, турнирге катышуусун аяктады.

Буга чейин Кыргызстан эки оюнда Эстония командасына 0:13 жана 1:12 эсебинде, ошондой эле Жапония командасына 0:13 эсебинде жеңилип калган.
XS
SM
MD
LG