Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

10-февралда былтыркы футбол сезонунун жыйынтыгы чыкты. Бирок Кыргызстандын футболу аренага чыга албай жатат. Эмне үчүн?

Футбол федерациясынын бөлүмүнүн башчысы Дастан Конокбаевдин айтымында, ФИФА эл аралык мелдештерге катышканы боюнча гана өлкөлөрдүн рейтинги аныкталат.

- Кыргызстан эл аралык турнирлерге сейрек катышкандыктан чеберчилиги төмөн деп бааланып жүрөт.

Мындай пикирге футбол машыктыруучусу Ниязбек Алиев макул эмес. Ал Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп кеткен себебин өлкө аймагында бул оюнга маани берилбей, жаштарга көңүл бурулбай калганынан көрөт:

- Азыр биздин футболдун деңгээли абдан төмөн. Орусия, Украинаны айтпай эле коёлу, азыр биздин футбол коңшу Казакстандыкынан да начар. Бизде алардын клубдарына тең-тайлаша турган бир-эки гана клуб бар. Бирок футбол жыл өткөн сайын өнүгүп жатат деп адистер айтышууда. Жогорку лигада 5-6 команда ойноп жатса, кайдагы өсүш? Ошондуктан жакынкы мезгилдерде коңшуларды кууп жетмек түгүл, чаңында кала беребизби деген ой келет. Жаш балдарга гана көңүл бурулбаса, чоң футболдун келечеги күмөн. Жогорку лигада Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын командалары да ойносо дурус болмок.

Аты да, заты да жоголгон командалар

Өлкөнүн футбол чемпионатында Жогорку лигада мурда 12-14 команда ат салышып келсе, былтыр 6 команда ойноду.

Мурда кыргыз футболунун сыймыгы болуп келген "Химик", "Алай-Гүлчө", "Семетей", "Спартак", "Ротор", "Достук" жана башка командалардын аты да, заты да жоголду.

"Алга" командасы кыргыз футболунун башаты, булагы болуп келсе, кийин тарап жок болгон. Былтыр гана ардагерлердин демилгеси менен кайрадан “Алга” командасы түзүлүп, Бишкек шаарынын намысын коргой баштады.

Мурда ири завод, ишканалар каржылап келген "Химик", "Инструментальщик", "Сельмашевец", "Шахтер" командаларынын кендири эбак кесилген.

Эки-үч жолу Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган "Кант-Ойл" да тарап, мыкты оюнчулары Орусия жана Казакстанга кетип калышкан. Алардан кийин лидер болгон Бишкектин "А и К" командасы да алыска узабады.

Кыргыз футболунда Кадамжайдын "Металлургу" үмүт жандырганы менен 2 жылдан кийин жок болду. Дене тарбия академиясынын "Шумкар" аттуу командасы да канатын кайрып, алыска уча албады.

3 жыл катары менен өлкө чемпиону болгон Бишкектин "Динамосу" Өмүрбек Кутуев Ички иштер министрлигинен кеткенден бери баш көтөрө албай кала берди.

Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн СКА ПВО командасынын да учурда дайыны жок.
Ошентип кыргыз футболунун азыркы абалы өлкөнүн экономикасынын, саясий кырдаалынын көрсөткүчү болуп турат.

Кендирди кескен каражат

Бардык маселе каражатка байланыштуу болгондуктан Жогорку лигада аз команда гана ойноп, айрымдары чемпионаттын аягына чейин чыга албай калууда.

"Футболду өкмөт колдоого чамасы жетпейт. Ошондуктан жеке ишкерлер, футбол фанаттары гана команданы каржылоого аргасыз болууда. Коңшулар менен теңата ойносок болот", - дейт Футбол федерациясынын вице-президенти Өмүрбек Кутуев.

ФИФАга 203 өлкө мүчө болсо, январь айындагы иликтөөгө ылайык Кыргызстан 175-орунга илинген. Чынында эле Жогорку лигасында 5-6 команда ойногон Кыргызстандай өлкө жокко эсе.

Кыргызстандын чемпиондугун он жолу уткан “Дордой” командасынын капитаны Руслан Сыдыков былтыр Бразилияга барып келгенин, аларда жаштар өзгөчө камкордукка алынганын “Азаттыкка” айтып, "Жогорку лигада көп команда ойносо, чеберчилик өсөт",- дейт.

Коңшулар алдыда

Өзбекстан Борбор Азияда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл буруп, оюнчуларга шарт түзгөн мамлекет. Алар ар жылы футболчуларына 10 миллион евродон ашуун каражат чыгымдайт. Натыйжасы да сезиле баштады. 1994-жылы Хиросимада өткөн 12-Азия оюндарында өзбек футболчулары биринчи орунду ээлеп, Азия оюндарында чемпион аталган. Азиянын чемпиондор лигасында ойноп жүрүшөт.

Казакстан болсо Европа футбол конфедерациясына мүчө болгону деңгээли да өсүп, жаш футболчуларга мыкты шарт түзүүгө дилгир.

Жарандык согушту башынан өткөргөн Тажикстан да футбол боюнча Кыргызстандан бир нече тепкич өйдө турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG