Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Кыргыз мушкерлери Астанада


4-апрелде Астана шаарында бокс боюнча жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо берилүүчү эл аралык турнир башталды.

4-апрелде Азия оюндарынын чемпиону, жөө күлүк Татьяна Борисова Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн эл аралык марафондук жарышка катышканы Түштүк Кореяга аттанып кетти. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов “Азаттыкка” маалымдады.

8-апрелде Түштүк Кореянын Дэгу шаарында 42 км. 195 метр аралыкка эл аралык марафондук жарыш болот. Мында жеңишке жеткендерге жана олимпиаданын талаптарына ылайык арбын упай топтоп, белгиленген эрежелерди аткарган спортчуларга Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат.

Былтыр АКШда өткөн эл аралык марафондук жарышта кыргызстандык жөө күлүк Юлия Архипова Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Боксчулардан кимиси Лондонго жолун ачат?

5-апрелде Казакстандын борбору Астанада бокс боюнча жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла турган эл аралык мелдеш башталат. Бул таймашууда Кыргызстандан тандалган 9 бокс чебери күч сынашканы турат.

Астанада 28 өлкөнүн 130 бокс чебери мөрөй талашат. Бул турнирдин жеңүүчүлөрүнө Лондон олимпиадасына 25 гана жолдомо ыйгарылат.
Кыргызстандык спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандыра турган бокс чеберлери кимдер?

Бокс федерациясынын мүчөсү, Бишкектеги балдар бокс мектебинин жетекчиси Орозбек Евгачев:

- Жигиттердин даярдыктары дурус. Эл аралык бир нече мелдештерде спортчуларды сынап, такшалуудан өттү. Астанада өлкө намысын тандалган 9 бокс чебери коргойт. Алар: Асылбек Назаралиев (49 кг), Азат Үсөналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Абдилай Анарбай уулу (60 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Асадулло Баймурадов (69 кг), Ислам Далибаев (75 кг), Сергей Скляров (81 кг) жана Чыңгыз Борбашев (91 кг) Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышат.

Базар Базаргуриев дале табында

Орусиянын Улан-Удэ шаарынан Бурятия республикасынын президентинин байгесине эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште Азия чемпиону, кыргызстандык Базар Базаргуриев баш байгени жеңип келди.

Алты салмакта орусиялык балбандар биринчи болсо, 66 кг. салмакта Базар Базаргуриев жеңүүчү деп таанылды. Базаргуриев Астана шаарында өткөн Лондон олимпиадасына арналган турнирге барган эмес. Анын орунда Астанага барган Иннокентий Иннокентьев биринчи беттешүүдө эле индиялык балбанга утулуп калган.

Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, Базар Базаргуриев эми Кытайда өтө турган Лондон олимпиадасына жолдомо берүүчү турнирге барат.

Жел кайык мелдеши жыйынтыкталды

Балыкчы шаарында парус спорт мелдеши жыйынтыкталды. Мында 30 жел кайык жарышка чыгып, үч түр боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

“Лазер стандарт” классында Илья Игнатьев марага биринчи келди. “Оптимис” классындагы жел кайык жарыштарында биринчи орунду Максим Фирсов камсыз кылды.

Уландардын “Кадет” классында Руслан Илисаев баш байгенин ээси болду. Жел кайык жарыштарына жергиликтүү тургундар маани бербей жатышканын ысыккөлдүк Канат Карыбаев айтып, бул спорт туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG