Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Кыргыз балбанынын Венгриядагы жеңиши


Урматбек Аматов
Урматбек Аматов

17-апрелде Будапешт шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбаны Урматбек Аматов баш байгени утуп алды.

Урматбек Аматов - олимпиада үмүтү

17-апрелде Венгриядан кубанычтуу кабар келди. Будапешт шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбаны Урматбек Аматов баш байгени утуп алды. Уландар арасында өткөн турнир “Олимпиада үмүттөрү” деп аталды.

-Урматбек Аматов 60 кг. салмакта килем үстүнө төрт ирет чыгып, төртөөндө тең жеңишке жетишти, - дейт грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмазбек Касенов.

Урматбек Аматов 2010-жылы Синагапурда өткөн жаштар олимпиадасынын чемпиону, уландар арасында дагы Азия чемпиону аталган. Эми май айында Алматы шаарында өтө турган жаштар арасындагы Азия чемпионатында Урматбек Аматов өлкө намысын коргойт.

Беш ирет жаңырган реккорд

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча өлкөнүн рекорду беш ирет жаңыртылды.

75 кг. салмактагы Нурмаганбет Абдраимов 170 кило оордукту багындырып, жаңы рекордчу аталды. Ал мурдагы рекорддон 20 кг. ашык көтөрдү. Ошондой эле Сергей Комышев, Алексей Голионко жана Артем Козарев да рекорд жаңыртып, өлкө чемпиону аталды. Өлкө биринчилигине 120 чоюн билек балбан катышты.

АКШда алдуу-күчтүү ардагерлер таймашат

18-апрелде АКШнын Денвере шаарында ардагерлер арасында чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча дүйнө чемпионаты башталат. 17-апрелде бул дүйнөлүк таймашууга катышуу үчүн өлкөнүн Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков АКШга устаты экөө жөнөп кетишти. Мында ардагерлер 4 курак боюнча мөөрөй талашат. Бакыт Керимбеков 93 кило салмактагы элүү жаштан алтымышка чейинки ардагерлер менен күч сынашууга даярданып барды.

Мелдешке жыйырмадан ашуун өлкөнүн жүз элүүдөй ардагер спортчусу катышат.

Түштүк Кореяда Лондон олимпиадасы үчүн Азия чемпионаты өтөт

17-апрелде кыргызстандык оор атлетчилер Түштүк Кореяда өтө турган Азия чемпионатына аттанып кетишти. Бул Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат. Ошондуктан бул Азия чемпионатындагы күч сынашуулар абдан маанилүү, - дейт федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов.

Оор атлетика боюнча Азия чемпионаты 21-апрелден 1-майга чейин Түштүк Кореянын Пхентхэке шаарында өтөт. Кыргызстандын намысын 8 жигит, 1 балбан кыз коргойт. Алардын катарында Азия Кубогунда мөөрөй алып жүргөн Бекзат Осмоналиев, Изат Артыков, Кубанычбек Токтоналиев сыяктуу жигиттер бар.

Жапониядагы Азия чемпионаты олимпиадага жол ачат

17-апрелде фехтования боюнча өлкөнүн тандалма командасы Жапонияга жөнөп кетти. Жапониянын Вакаяме шаарында Азия чемпионаты 20-апрелде башталат. Мында жеңишке жеткендерге Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылат. Кыргызстандын кыз-келиндер жана эр-азаматтар командасы шпага боюнча мөөрөй талашууларга катышат.

Спорттун беш түрүнөн дүйнө Кубогу

18-апрелде спорттун азыркы беш түрү боюнча Орусиянын Ростов шаарында өтө турган дүйнө кубогунун кезектеги мелдешине кыргызстандык Никита Кузнецов менен Антон Новиков да катышат. Эгерде кыргызстандык спортчулар арбын упай топтоого жетишип, алдыңкы орундарга ээ болсо Лондон олимпиадасына жолу ачылышы ыктымал.
Өткөн жумада Венгрияда өткөн дүйнө кубогунун кезектеги мелдешинде кыргызстандык жигиттер финалдык топко кирбей калды.

Бермет Дуванаева баш байгеге талапкер

Кыргызстандык теннисчи Бермет Дуванаева Өзбекстандын Наманган шаарында эл аралык мелдештин негизги этабына чыкты. Бермет Дуванаева тандоо этабынын экинчи айлампасында польшалык Паула Канияны 6:4, 6:4 эсебинде жеңип, мелдештин негизги этабына өттү. Эми Бермет Дуванаеванын негизги атаандашы орусиялык Дарья Миронова болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG