Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Лейлек күрөшү кулачын жайууда


Лейлек күрөшү.
Лейлек күрөшү.

9-майда Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган жеңил атлетикалык жарыштар, аламан байге, жорго салдыруу жана Лейлек күрөшү боюнча мелдештер болду.

Лейлек күрөшү быйыл отуз тогузунчу ирет өткөрүлдү. Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион күйөрмандарга жык толуп, балбандарды сүрөөнгө алып турушту.

Эки күнгө созулган Лейлек күрөшүндө үч жүздөн ашуун балбан күч сынашты. 70 кг. салмакка чейинки балбандардан иргелип отуруп, лейлектик 18 жаштагы балбан Эсенбек Кудайбердиев баш байгенин ээси болду. Экинчи орунду да лейлектик Жаныбек Алдакулов камсыз кылды.

Баш байгени уткан Эсенбек тогуз жашынан бери күрөшүп жүргөнүн, мелдеш калыс, курч мүнөздө өткөнүн айтат.

90 кг. салмакка чейинки балбандардан таластык Канымет Барпыбеков финалда баш байгени жеңип алды. Экинчи орунду да таластык балбан Нурбек Кожобеков ээледи.
Өзүнүн салмагы 79 кило болсо да оор салмактагы балбандарды жеңген 21 жаштагы Канымет Барпыбеков Лейлек күрөшүнөн сырткары самбо, эркин күрөш менен машыгаарын “Азаттыкка” айтып берди:

- Атаандаштарым өзүмдөн оор болгондуктан көп күч жумшоого туура келди. “Күч атасын тааныбайт” дегендей мында чыныгы балбан гана жеңет. Ошондуктан биздин күрөштү таза күрөш деп койот. Өзүм үчүн эркин күрөш менен машыгып келем. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан болсом деген тилегим бар.

Мелдештин оор салмактагы жеңүүчүсү деп лейлектик Эрнис Сүйүнбаев аталып, баш байгенин ээси болду. дагы бир балбан Бекмурза Эргашев экинчи болду.

Эң кызыгы - үч салмактын жеңүүчүлөрү чүчү кулак кармап, абсолюттук чемпион жана 100 миң сом баш байге үчүн күч сынашты. Мында дагы мелдештин абсолюттук жеңүүчүсү деп лейлектик Эрнис Сүйүнбаев аталып,100 миң сом баш байгенин ээси болду. Мындан сырткары жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Быйылкы мелдешти уюштуруу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева алдыда Лейлек күрөшүн эл аралык деңгээлге көтөрүү милдети турганын “Азаттыкка” айтты.

Мелдештин башкы калысы Абакир Рысовдун айтымында, Лейлек күрөшүнүн балбандарынан эмдиги жылы Татарстандын Казан шаарында өтө турган дүйнөлүк Универсиада оюндарына талапкерлер тандалды:

- Бул күрөш менен дүйнө элдеринин көбү машыккандыктан, айрыкча Азия калкына жайылганы эске алынып, 2013-жылы Орусиянын Казан шаарында өтө турган студенттердин дүйнөлүк Универсиада оюндарынын программасына киргизилди. Мыкты балбандарды иргеп жатабыз.

Эркин жана Лейлек күрөшүнөн таанылган Лейлектеги спорт мектебинин машыктыруучусу Ражап Бабаев быйылкы мелдештин деңгээли жогору болгонун, айырмачылыктарын айтты:

- Мисалы, Чүй эрежесинде буттан чалып жыгытат. Ал эми Лейлек күрөшү деп аталган бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн күрөшүндө чалуу жок. Анда күрөшкө чыккан балбан атаандашын жамбашка алып, тизе менен көтөрүп, же кайтарма деген ыкмалар менен гана жыгыш керек. Башкача айтканда, кара күчкө караганда техника көбүрөөк иштетилет, же балбандар таза күрөшөт десек болот.

Лейлек күрөшүнө катышып, айырмаланган нарындык, ысыккөлдүк, чүйлүк балбандарга баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Лейлек күрөшү федерациясынын президенти Доорбек Минбаевдин айтымында, алгачкы жылдары бул күрөш студенттердин демилгеси менен өткөрүлүп келсе, 4-5 жылдан бери Лейлек районунун айыл өкмөттөрү демөөрчү болуп жүрөт. Быйылкы мелдештин демөөрчүлөрү – Маргун жана Жаңы-Жер айыл өкмөтү болду.

Кыргызстанда Алыш күрөшү, Лейлек күрөшү, Кыргыз күрөшү жана Фергана күрөшү боюнча өз алдынча мелдештер өткөрүлүп, өз ара атаандашууну жаратып келген. Ушул сыяктуу белкур менен күрөшүп келген дүйнө элдерин бириктирген эл аралык белкур күрөш федерациясынын түзүлгөнүнө 10 жыл болуп, ар жыл сайын Азия, Европа, дүйнө чемпионаттарын өткөрүп, таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат.

9-майда Бишкектеги Аккула ат майданында кунан, бышты, ат чабыш жана жорго салдыруу мелдештери да болду. Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмазбек Касеновдун айтымында, ат оюндарынын байге кору 250 миң сомду түзүп, кайрымдуулук мелдеши деп аталды.

9-майда Жеңиш күнүнө карата жеңил атлетикалык жарыштар да болду. Ага эки жүздөн ашуун жөө күлүк катышты. Мелдешти жеңил атлетика федерациясы уюштурду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG