Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Исмаилов: Лондон олимпиадасы - экинчи сыноо


Лондон олимпиадасына жолдомо алган эл аралык спорт чебери, мерген Руслан Исмаилов мергендердин үй-бүлөсүнөн чыккан

Мерген Руслан Исмаилов Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өткөн Азия биринчилигинде 6-орунду ээлеп, анда 696 упай топтоп, Лондон олимпиадасына жолдомо алган. Бутага таамай аткан көзгө атар мерген Руслан Исмаилов 25 жашта. Улуту татар. Эл аралык спорт чебери, Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону. 2003-жылы Малайзияда өткөн Азия чемпионатында күмүш байге уткан. Борбор Азия оюндарынын чемпиону.

2006-жылы Дохада өткөн 15-Азия оюндарында 6-орунга илинген. 2007-жылы Германиядагы Эл аралык турнирде коло байгенин ээси болгон. 2008-жылы Казакстандын ачык чемпионатында биринчиликке жетишкен. 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы олимпиадага катышкан. Исмаилов Кыргыз мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясында окуйт. Өлкөнүн чек ара кызматында жоокердик милдетин да аткарып, чек арачыларга мылтык атуунун ыкмаларын үйрөтүп жүрөт.

Руслан бош убакытысында тарыхый китептерди окуганды жактырат. Мында сырткары чек арачылардын, аскердик жана спорттук төш белгилерди, олимпиадалык эстелик медалдарды чогултуп, коллекция кылат.

Бир автоунаанын кунуна барабар мылтык

Учурдагы мылтыгынын баасы -2 миң 300 еврого барабар. Машыгуу учурунда таамай атыш үчүн күнүгө 200-300 ок аткан учурлары арбын. Мелдештерге барган учурда эки мылтык, тапанча, ок-дары, мергенчилик кийимдерин кошкондо 100 килограммга чукул оор жүктү көтөрүп же сүйрөп жүрүүгө туура келет.

Мергендер династиясы

Олимпиадачы Руслан Исмаиловдун үй-бүлөсүн мергендердин династиясы дешет. Себеби атасы Тахир Исмаилов ок атуу боюнча кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Европа чемпону, Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу.

Тахир чек ара кызматынын майору, Ооганстанда кызмат өтөгөн. Учурда өлкөнүн ок атуу боюнча башкы устаты. Русландын апасы - Мери Исмаилова тапанча атуу боюнча эл аралык спорт чебери, Орусиянын жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталган. Карындашы Сабина Исмаилова дагы мылтык атуу боюнча эл аралык спорт чебери, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Азия оюндарынын катышуучусу.

Русландын таяэнеси Сайма апа Бишкектеги тирде иштегендиктен, жээн небереси кичине кезинде эле мылтык атып чоңойду.

Лондон олимпиадасына даярдык

Тахир Исмаиловдун айтымында, уулу 14 жашынан бери өлкө намысын коргоп келатат:

- Руслан Лондон олимпиадасында 10 метр аралыкта жел мылтык менен атуу мелдешине катышат. Ошондой эле 50 метр аралыктагы бутаны жатып, отуруп жана туруп атуу мелдешинде чеберчилигин көрсөтүүгө аракет кылат. Русландын 50 метрден мылтык атуудагы жеке рекорду 597 упай. Эл аралык мелдештерге көп катышканда гана чеберчилик өсөт. Ок атуу спортуна өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу зарыл.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчисинин орун басары Талант Беккуловдун айтымында, Руслан Исмаилов учурда Казакстандын Павлодар шаарында машыгууда жүрөт.

- Лондон олимпиадасында Руслан байгелүү орундарга жетип калуусу мүмкүн. Себеби ал Бээжин олимпиадасына катышып, учурда чеберчилиги жогорулап, табына келген учуру.

Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбековдун пикиринде, ок атуу каражатты көп талап кылган спорттун түйшүктүү түрү.

- Бээжин олимпиадасынын алдында Руслан Исмаиловго 7 миң еврого спорттук жабдуу, мылтык, ок-дары алып бергенбиз. Лондондо баш байгеге талапкер болушу кыйын, бирок, он мыктынын бири болушу ыктымал,-дейт Касымкул Оболбеков.

Лондон олимпиадасында европалык жана кытайлык атаандаштарына каршы туруу кыйынга тураарын, ошондой болсо дагы байгелүү орундарга аракет кылаарын Руслан Исмаилов “Азаттыкка” билдирди:

- Лондон олимпиадасы мен үчүн экинчи сыноо болгону турат. Бээжин олимпиадасында жаштык кылып, тажрыйбалуу мергендерден сабак алдым. Учурда орусиялык, казакстандык мергендер менен бирге Казакстанда машыгып жатам. Лондондо байгелүү орундар үчүн бардык аракетимди жумшайм.

Москва олимпиадасында чемпион болгон мерген Александр Мелентьевдин жолун жолдоп, Руслан Исмаилов да байгелүү орундарга аракет кылаарына күйөрмандар үмүт кылат.

Отузунчу жайкы олимпиада оюндары быйылкы жылдын 27-июлунан 12-августуна чейин Лондондо өтөт. Анда спорттун 31 түрүнөн 205 өлкөдөн тандалган 12 миң 500 спортчу беттешет. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 302 комплект медалдар ыйгарылат.

Руслан Исмаилов 1986-жылы 22-ноябрда Нарын шаарында туулган. Ок атуу боюнча эл аралык спорт чебери, Кыргызстандын көп жолку чемпиону. 2003-жылы Азия чемпионатында экинчи болгон. 2006-жылы Дохадагы 15-Азия оюндарында 6-орунга жеткен. 2007-жылы Германияда өткөн эл аралык турнирде коло байге уткан. 2008-жылы Казакстандын ачык чемпионатында 1-орунду камсыз кылган. 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы олимпиаданын катышуучусу. Апасы жана карындашы да ок атуу боюнча эл аралык спорт чебери.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG