Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Лондон олимпиадасына дагы бир жолдомо


Улуу Британия -- Лондон олимпиадасына катышчу өлкөлөрдүн желектери илинген көчө. 15июнь, 2012.
Улуу Британия -- Лондон олимпиадасына катышчу өлкөлөрдүн желектери илинген көчө. 15июнь, 2012.

Кыргызстандык жел кайыкчыга Лондон олимпиадасына жолдомо берилди. Муну менен Лондонго барчу кыргыз спортчуларынын саны он үчкө жетти.

Жел кайыкчы Илья Игнатьев - Лондон олимпиадасына барат

Кыргызстандык спорт күйөрмандары үчүн кубанычтуу кабар келди. Эл аралык олимпиада комитети жел кайык спорту боюнча Кыргызстан үчүн Лондон олимпиадасына бир жолдомо бөлүп берди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин басма сөз катчысы Жазгүл Аликеева «Азаттыкка» маалымдады.

Парус спорт федерациясынын чечими менен Лондон олимпиадасында өлкө намысын Илья Игнатьев коргомок болду. Себеби анын эл аралык мелдештерге катышканы, арбын упай топтой алганы эске алынды. Илья Игнатьев 2 жылдан бери Азия, дүйнө чемпионаттарына катышып, өзүн келечеги бар жаш спортчу катары тааныта алды. Игнатьев парус спортунан олимпиадага биринчи катышкан алгачкы карлыгач болгону турат. Бул саамалык өлкөдө, Ысык-Көлдө парус спортунун өнүгүшүнө өбөлгө болоорун адистер айтышууда.

Ушуну менен Лондон олимпиадасына жолдомо алган кыргыз спортчуларынын саны он үчкө жетти.

Лондон олимпиадасына жолдомо алган жел кайыкчы Илья Игнатьевдин чеберчилигин жогорулатуу максатында парус федерациясы Ысык-Көлдө өлкөнүн ачык чемпионатын өткөрмөк болду. Мында Кыргызстан менен Казакстандын спортчулары «Луч», «Кадет» жана «Оптимист» жел кайыктары менен жарышка түшөт.

Казакстандын Актау, Чымкент жана Капчыгай шаарларынан өкүлдөр Ысык-Көлгө келишти. Жел кайык жарыштары 22-июнда Балыкчы шаарынан башталып, Чолпон-Атада марага жетишет. Көп күндүк парус мелдеши 30-июнда жыйынтыкталат.


АКШда жаачылар ийгилик жарата элек

20-июнда АКШнын Огдене шаарында жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун мелдештери улантылды. Мында Лондон олимпиадасына мыктыларды тандоо максатында жолдомо үчүн таймашуулар курч мүнөздө өтүп жатат. Жаа атуу боюнча дүйнө кубогунда өлкө намысын Нурсултан Мамытбек жана Асел Шарбекова коргоп, Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылып жатышат.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, азырынча кыргызстандык эки жаачы тең ийгиликке жетпей, мыктылар сабына кошула элек.

АКШдагы Лондон олимпиадасына талапкерлерди тандоо турнири 25-июнда жыйынтыкталат.

Чоюн билектер мелдеши

Бул күндөрү Иран өлкөсүнүн борбору Тегеранда кол күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын 8 жигит коргоп жатат. Алардын катарында Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алып жүргөн Мирлан Байчериков, Жээнбек Мукамбетов, Алексей Ли баштаган чоюн билек балбандар бар. Армрестлинг боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү 22-июнда аныкталат.

Шахмат: Борбор Азия кубогу жыйынтыкталды

20-июнда Ысык-Көлдүн “Аврора” эс алуу жайында шахмат боюнча Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжиновдун байгесине арналган Борбор Азия кубогунун акыл таймашы жыйынтыкталды.

Шахмат федерациясынын вице-президенти Нурдин Самаковдун айтымында, 9 оюнда 7 упайга ээ болгон өзбекстандык Алексей Барсов баш байгенин ээси болду. Экинчи орунду кыргызстандык шахматчылар Семетей Төлөгөн тегин камсыз кылды. Коло байге өзбекстандык Журабек Хамракуловго ыйгарылды. Кыз-келиндер арасында да өзбекстандык шахматчылар биринчи, экинчи орунда жеңип алышты.

Турнирдин байге кору 25 миң АКШ долларын түздү. Биринчи орунга 4 миң доллар, 2-орунга 3 миң доллар жана 3-орунга 2 миң доллар акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстандан тандалган 37 шахматчы катышты.

Теннистен таанылгандар

Түркиянын Стамбул шаарында Теннис боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Мында кыргызстандык Бермет Дуванаева жарым финалга чыкты. Бермет жуп болуп ойноодо өнөгү украиналык Алина Фомина менен бирдикте орусиялык атаандаштарын жеңип алды. Бермет Дуванаева да жеке таймашта орусиялык Юлия Захарованы утуп, эми бразилиялык Мария Мартинз менен беттешкени турат.

Ушул теннис темасына байланыштуу АКШдан дагы кубанычтуу кабар келди. Пенсильвания штатында өткөн эл аралык турнирде 12 жаштагы кыргызстандык Элиза Аскарова үчүнчү орунду камсыз кылды. Ошентип кыргыз кызы Элиза жеткинчектер арасында АКШнын ачык чемпионатына катышууга укук алды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG