Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Олимпиада чемпиондору кандай сыйлык алат?


Кыргызстан 2008-жылы Бээжин олимпиадасында күмүш байге алган спортчусуна жүз миң доллар менен Жип унаасын берген.
Кыргызстан 2008-жылы Бээжин олимпиадасында күмүш байге алган спортчусуна жүз миң доллар менен Жип унаасын берген.

Лондон олимпиадасында Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргойт. Быйыл чемпион болгон спортчу 200 миң АКШ доллары менен сыйланышы мүмкүн.

Тагдыры чечиле элек сыйлык

Быйыл Лондон олимпиадасында чемпион болгон кыргызстандык спортчу 200 миң доллар менен сыйланышы мүмкүн. Бирок бул долбоор катары өкмөткө сунушталып, бир нече айдан бери чечилбей турат.

Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов “Азаттыкка” билдирип, 8-орунга чейин акчалай сыйлыктарды берүү боюнча өкмөткө сунуштаганын айтты.

- Лондон олимпиадасында күмүш байге уткан спортчу 150 миң доллар, коло байге үчүн 100 миң доллар сыйлык сунушталып жатат. Олимпиада оюндарында төртүнчү орунга - 35 миң, бешинчиге - 30 миң, алтынчы орунга - 25 миң, жетинчи орунга 20 миң жана 8-орун үчүн 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлыктарды берүү өкмөткө сунушталууда.

Лондон олимпиадасында жеңишке жеткен спортчунун акчалай сыйлыгынын суммасынын 70 пайызы башкы устатка, 50 пайызы биринчи машыктыруучусуна ыйгарылат. Бирок акчалай сыйлыктардын өлчөмүн кыргыз өкмөтү бекителек.

Мурдакы Бээжин олимпадасында грек-рим күрөшүнөн күмүш байге уткан Канатбек Бегалиев 100 миң АКШ доллары жана ЖИП үлгүсүндөгү автоаргымак менен сыйланган. Бээжинде коло медаль уткан Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллар жана ЖИП автоунаасы ыйгарылган.

Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, мындай сыйлыктарды жок дегенде бир жыл мурда жарыя кылганда спортчулар шыктанып, Лондон олимпиадасына арбын жолдомо алышмак.

Казактар олимпиада чемпионуна 250 миң доллар ыйгарат

Быйыл коңшу Казакстан өлкөсү да Лондон олимпиадасында жеңип чыккан спортчуларына акчалай сыйлыкты Бээжин олимпиадасындагыдай өлчөмдө бекитти. Казак өкмөтү Лондон олимпиадасынын чемпионун 250 миң АКШ доллары менен сыйлайт. Экинчи орунга 150 миң доллар, коло байге үчүн 75 миң доллар акчалай сыйлык берилет.

Бээжин олимпиадасында чемпион болгон казакстандык бокс чебери Бакыт Сарсекбаев менен оор атлетчи Илья Ильин ар бири 250 миң доллар жана бир нече автоунаа менен сыйланган.

Казакстандык адистердин баамында, быйыл жеңил атлетчилер Ольга Рыпакова, Дмитрий Карпов, оор атлетчи Илья Ильин, мушкерлер Адилбек Ниязымбетов менен Серик Салиев, велоспортчу Александр Винокуров менен Максим Иглинский жана башка балбандар байгелүү орундарга илинип калышы ыктымал.

Орусиядан олимпиада чемпиону арбын болчудай

Командасынын катары арбын Орусия мамлекети да быйылкы Лондон олимпиадасында жеңип чыккан спортчуларына акчалай сыйлыктын көлөмүн жогорулатты. Мурдакы Бээжин олимпиадасында алтын медаль үчүн 100 миң АКШ доллары белгиленсе, быйылкы Лондон олимпиадасында чемпион болгон орусиялык спортчу 130 миң доллар менен сыйланат. Экинчи орунга 82 миң 500 доллар, үчүнчү орун үчүн 56 миң доллар сыйлык белгиленди.

Украина чемпионго 85 миң доллар берет

Учурда футболдон Европа чемпионатын өткөрүп жаткан Украина өлкөсү Лондон олимпиадасынын чемпиону болгон спортчусуна 85 миң АКШ долларын сыйлык катары ыйгарат. Күмүш байгеге 61 миң доллар, коло медалга 42 миң доллар акчалай сыйлык белгиленди.

Алына жараша сый-урмат

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Тажикстан мамлекети Лондон олимпиадасынын алтын медалын уткан спортчусуна 62 миң АКШ долларын ыйгарат. Экинчи орунга 52 миң, үчүнчү орун үчүн 42 миң доллар сыйлык белгиленген.

АКШ сыйлыкка да сарамжалдуу

Олимпиадалык оюндарда командалык эсепте алдыңкы орундарды ээлеп жүргөн АКШ өлкөсү 18 жылдан бери чемпион болгон спортчусун болгону 25 миң доллар менен сыйлап келатат. Бирок АКШда спортчулар жеке ишкер, демөөрчүлөрдөн жана жарнактардан эле кабалтең сыйлык алышаарын адистер айтып жүрүшөт.

Сингапурдук спортчу 500 миң доллар менен сыйланат

Олимпиадалык оюндарга катышкан эки жүздөн ашуун өлкөдөн эң жогорку акчалай сыйлыкты быйыл Сингапур мамлекети белгилеп жатат. Лондон олимпиадасында чемпион болгон сингапурдук спортчу 500 миң АКШ доллары менен сыйланат.

Быйыл Малайзия өкмөтү да биринчи орун үчүн 300 миң доллар акчалай сыйлык белгиледи. Бул эки өлкөнүн спорттук делегациясы деле Кыргызстандыкындай чакан.

Акча ордуна жер тилке

Айрым Европа өлкөлөрүндө олимпиадалык оюндарда жеңип чыккан спортчусуна акчалай сыйлыктар белгиленген эмес. Мисалы Норвегия жана Швеция өкмөтү олимпиада чемпиону болгон спортчусуна жер тилкесин белек кылат. Бул өлкөлөрдөгү жер тилкелери миңдеген долларга барабар. Мындан сырткары жеке ишкерлер гана акчалай сыйлыктарын демөөрчү катары спортчуларга бере алышат.

Эрдик орден менен бааланат

Түндүк Корея олимпиада чемпиону болгон спортчусуна атайын мамлекеттик сыйлык катары орден ыйгарат. Чынында айрым өлкөлөр жеңишке жеткен спортчуларына акчалай сыйлык менен кошо мамлекеттик сый-урмат катары орден-медалдарды да тапшырып жүрөт.

Сыйлыкка кимдер татыктуу болот?

Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Касеновдун баамында, Лондон олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев менен Данияр Көбөнов байгелүү орундарга илинип калышы мүмкүн.

Адистердин баамында, эркин күрөш, дзю-до боюнча да кыргызстандык жигиттер байгелүү орундарга жетип калышы ыктымал.


Лондонго 13 жолдомо бар

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Байгазы Кенжебаевдин айтымында, учурда Кыргызстандан 13 спортчу Лондон олимпиадасына жолдомо алып, даярдык көрүшүүдө.

Июнь айынын аягына чейин дагы 2 жолдомо болуп калышы да мүмкүн, дейт Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

Мурдакы олимпиадалык оюндарга 20дан 30га чейин спортчу жолдомо алышкан. Эгемен өлкө болгону 2000-жылы Синдейде дзю-дочу Айдың Смагулов коло байге утса, 2008-жылы Бээжинде балбандар Канат Бегалиев күмүш жана Руслан Түмөнбаев коло медаль тагынган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG