Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

25-июнда Иранда өткөн армрестлинг Азия чемпионатында кыргызстандыктар 6 алтын, 3 күмүш, 2 коло байге утуп келди. Шри-Ланкада шахматтан Азия биринчилиги башталды.

25-июнда Тегеран шаарынан кыргызстандык кол күрөш чеберлери 6 алтын, 4 күмүш жана 3 коло байге утуп, олжолуу кайтышты. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Жазгүл Аликееванын айтымында, Иранда өткөн армрестлинг Азия чемпионатында 10 жигит өлкө намысын коргоду. Оор салмакта бишкектик Вячеслав Абросимов Азия чемпиону аталды.

Ардагерлердин билек сыноосунда кыргызстандык Геннадий Старостенко менен Артур Шмойлов оң жана сол колдордун таймашуусунда 4 алтын медаль утуп алышты. 60 кило салмактагы Абдыкерим Лаваза күмүш жана коло байгелүү болду. 85 кило салмакта Азия чемпионатынын Мирлан Байчериков 2 күмүш медалын утуп алды. Никита Баснин да үчүнчү орунду камсыз кылды.

Азиянын акыл таймашы

25-июнда Шри-Ланканын Коломбо шаарында шахмат боюнча жеткинчектер, өспүрүмдөр арасында Азия биринчилиги башталды. Мында өлкө намысын 12 жаш шахматчы коргоп жатат. Быйылкы Азия биринчилиги 6 жаштан 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр арасында жаш курагына жараша өткөрүлүүдө.

Шахмат федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү Бактыгүл Тиленбаеванын айтымында, кыргызстандык жеткинчектерден Азия чемпионатынын коло медаль ээси, алты жаштагы Артур Соломко менен 10 жаштагы Руслан Сьездбеков жана Шахноза Мусаева байгелүү орунга илинип калышы ыктымал.

Кыргыз республикасынын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун пикиринде, Кыргыз шахмат федерациясына жетекчи болгон Өмүрбек Бабанов жаш шахматчыларга каражат жагынан жардам бербей коюп, Азия чемпионатына өлкө чемпиондору Айжан Алымбай кызы, Жохар Жаанбай уулу, Алмаз Сьездбеков баштаган таланттуу балдар барбай калышты.

Шахматтан Азия биринчилигинин жеңүүчүлөрү 1-июлда аныкталат.

Футбол: Азия сыноосу

25-июнда Сауд Арабияда футболдон жаштар арасындагы Азия чемпионатына Кыргызстандын командасы экинчи беттешүүсүн өткөрөт. 22 жашка чейинки жаштар арасындагы футбол мелдешинде Кыргызстандын тандалма командасы биринчи беттешүүдө Сириянын оюнчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды.

Кыргызстандын жаштар командасы В тобунда Сауд Арабия, Пакистан, Шри-Ланка жана Палестина менен кезектеги беттешүүлөрүн өткөрөт. Бул топто биринчи жана экиничи орундарды ээлеген командалар Азия чемпионатында финалда ойноо жолу ачылат.

Дрэг-рейсингтен өлкө чемпиондору

24-июнда Токмок шаарындагы аскердик аэродромдо дрэг-рейсинг авто унаа жарышы боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Автоунаанын моторунун кубаттуулугуна жараша 5 топко бөлүнүп, жарыш курч мүнөздө өттү. Элүүдөн ашуун авто ышкыбоздор жарышка катышты. Жыйынтыгында Владимир Сарский, Сергей Жуков, Рахим Вудуньян, Алмаз Мурзакаримов жана Андрей Вакурин дрэг-рейсинг боюнча өлкө чемпиону аталды.

Мелдешти уюштуруучулардын бири, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Руслан Абасовдун пикиринде, чет өлкөлөрдө өтүп жүргөндөй 402 метр аралыкка авто жарыштарга кыргызстандыктар да кызыга баштады.

Туристтердин көңүлүнө толгон ат чабыш

23-июнда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 2012-жылдагы туристтик сезондун ачылышына арналган ат спорт оюндары өттү.

Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Касеновдун айтымында, ат оюндары бир гана туристтерди тартуу максатында эмес, эң алгач кыргыздын улуттук каада-салтын, маданиятын сактап калуу максатында уюштурулду.

Адегенде кунан, быштылар 1 миң 800 метр аралыкка чабылып, анда Антле аттуу бышты биринчи орунга келсе, экинчи орунда Калифорния, ал эми үчүнчү катарга Гүлсана аттуу аргымактар чыгышты. Мында жеңген аттын ээси 3 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болду.

Андан соң 9 чакырым аралыкка жорго салдырууда биринчи, экинчи орундарды Казакстандан келген Эдельвейс жана Биотоф аттуу жорго ээледи. Үчүнчү болуп марага кыргызстандык Космос аттуу ат келди. Жорго салыштын жеңүүчүсүнө 72 миң сомдук байге ыйгарылды.

Мындан тышкары меймандарга кыргыз элинин кыз куумай, оодарыш, тыйын эңмей жана башка улуттук оюндары көрсөтүлдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG