Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Футбол: Бишкек уктаган жок


Футболдон Европа чемпионатынын жарым финалында оюндун тагдыры жекеме-жеке топ тебүү менен чечилип, Испания финалга чыкты.

Биринчи жарым финалда Испания менен Португалия Украинанын Донецк шаарында беттешти. Бишкектеги футбол күйөрмандары арбын чогулган "Пеле" кафесине баш бактык. Футбол күйөрмандарынын катарында өлкөдө 20- кылымдын мыкты футболчусу аталган, даңазалуу “Алга” командасынын чабуулчусу Алмаз Чокморовду кезиктирдим. Ал жарым финалдык оюн жоопкерчиликтүү болорун, эки команда тең ката кетирбөөгө аракет кылышарын айтты.

Чынында эле эки команда тең ата ойноп, биринчи таймда эсеп ачылган жок.
Футбол күйөрмандарынын катарында “Дордой” футбол клубунун президенти, футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков Португалия командасына күйөрман болуп турганын айтып берди.

Бишкектеги букмекерлик кеңселер Испанияга көбүрөөк акча сайып жатыптыр. Алардын бири - өлкөнүн олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов Испания командасы жеңет деп акча сайганын, эгерде испаниялыктар утуп, байге алса, уткан акчасын Лондон олимпиадасына бара турган балбандар Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев жана Магомед Мусаевге чайлык катары берерин айтты.

Бишкектик күйөрман Эркинбек Португалиянын күйөрманы экенин айтып, үйдөн сыналгы аркылуу көргөнгө караганда чоң экрандан көргөн таасирдүү болорун билдирди.

- Эң эле мыктылар топтолгон Португалиянын курамасында Роналду, Нани, Пепе сыңары дүйнөлүк жылдыздар бар. Бирок топ деген томолок экенин канча жолу көрүп келатабыз. Айрыкча Роналдунун түлкүдөй куулугу, шумкардай алгырлыгы, тайгандай шамдагайлыгы мага жагат. Аны менен кошо өзүм да ойноп кетким келет.

Негизги жана кошумча убакыттарда эсеп ачылбай, бул таймаштын арты пенальти менен аякташы мүмкүн деген да ой бар эле. Чынында эле оюндун тагдыры албетте лотерея сыяктуу пенальти менен чечилди.

Испания 1964 жана 2008-жылдары Европанын эки жолку чемпиону болгон. Ошондой эле 2010-жылы дүйнө чемпиону болуп, учурда ынтымактуу команда экенин далилдеп келатышат.

Португалия командасы 2004-жылы Европа чемпионатында финалга чейин жетип, Грекияга утулуп, күмүш байгелүү болушкан. Канча аракет жасаса да ийгиликке жетпей келатышат.

28-июнда экинчи жарым финалда Германия менен Италиянын футболчулары Польшанын Варшава шаарында беттешет. Германия командасы 1972, 1980 жана 1996-жылдары Европанын үч жолку чемпиону болгон.

Дүйнөлүк футбол тарыхында Италия командасы Бразилиядан кийинки эле белгилүү өлкө болуп саналат. Италиялыктар дүйнөнүн чемпиондугун 4 жолу уткан. Жети жолу финалда ойногон. Ал эми Европа чемпиондугун 1968-жылы жеңип алууга жетишкен. Мындан сырткары Европа биринчилигинде күмүш жана коло байгелердин ээлери да болушкан.

Бул жолку Европа чемпионатына акыркы жолу 16дан команда катышып жатат. Келерки 2016-жылкы Евро чемпионаттан тарта мелдешке өз топторунда жеңген 24 өлкөнүн курамасы катыша баштайт.


  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG