Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:26

Ошентип Лондон олимпиадасында көптөн үмүттөндүргөн кыргызстандык балбандар ийгиликке жете албады. 2008-жылы Бээжин олимпиадасында кыргызстандык балбандар бир коло, бир күмүш медалга жетип, мекенине чоң олжо менен катар эле “кийинки олимпиадаларда утуштар арбыйт” деген үмүттү ала келген эле.

Биз Спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Бээжин олимпиадасынын тушундагы жетекчиси Бектур Асановду кепке тарттык.

“Азаттык”:
Кыргызстандык балбандар бул жолу жеңишке жете албады. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?

Асанов: Спорт деген чоң саясат, буга мамлекеттик мамиле керек. Мен биздин балбандардын ар бир күрөшүн өзүм көрүп отурдум, алардын аракеттери жаман болгон жок. Бул жерде бир аз күч жетпей калды.

“Азаттык”: Даярдык начарбы?

Асанов: Даярдык жакшы. Бир гана кемчилиги – биздин балдар бир аз чарчап калган, аларга өтө заманбап, кымбат баалуу витаминдерди куюу керек эле. Дагы айтам, спортко мамлекеттик мамиле керек. Мисалы Тажикстанда, Монголияда, Армения, Грузияда спортко өтө чоң көңүл бурулат, ошондуктан, алар ар бир оюндан жок эле дегенде 3-4 медал менен келет.

“Азаттык”: Айрым серепчилер ийгиликтин болбой калышына биздин спортчулардын Лондонго кеч барып, ал жактын убактысына, аба ырайына көнүшүүгө мүмкүнчүлүк ала албай калышканы себеп деп да айтып жатышат?..

Асанов: Бул майда-чүйдө кемчилик катары айтыла берет. Эң башкысы биздин спортчуларга медициналык-фармацевтикалык жактан да жогорку деңгээлде көңүл бурулуусу керек. Алар үчүн акчаны аябай даярдоо зарыл. Кыргызстанда спорттун жеке кармаш түрлөрү боюнча чоң ийгиликтерге жетишүүгө болот, анткени бизде өтө мыкты спортчулар, машыктыруучулар бар.

“Азаттык”: Быйыл мамлекеттик жетекчилик олимпиадада жеңишке жетишкен кыргызстандык спортчулар үчүн өтө чоң суммадагы акчалай сыйлык койбоду беле. 2008-жылы Бээжин олимпиадасына сиздер кандай даярдыктар менен жибердиңиздер эле? Анткени ошондо Кыргызстандын спортчулар куржунуна бир коло, бир күмүш медал салып келген.

Асанов: Мен Бээжин олимпиадасына бир ай калганда кызматтан бошоп калгам, бирок ошого чейинки үч жыл, үч ай бою катуу даярдык көргөнбүз. Ошол учурда мамиле ар бир машыктыруучунун каалоосуна жараша жасалган. Мен грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Эмил Алыкуловду өтө жогору баалайм, биз үч жыл бою ошол башкы машыктыруучунун керектөөсүн толугу менен аткарып бергенбиз деп айтсам болот. Грек-рим күрөшү боюнча спорттук саясатты ошол кишилер жасаган. Бул жолу да мамлекет ага ошондой шарт түзүп берүүсү керек эле. Эгер так ошондой мамиле болсо, ар бир олимпиада сайын Кыргызстан төрттөн-бештен медал алууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

“Азаттык”: Айрым спорт адистери биздин балбан Данияр Көбөновдун күрөшүү ыкмалары дүйнөлүк деңгээлде изилденген, аны аябай иликтеп туруп, ага каршы жакшы даярдыктар менен келишкен деп да айтып жатышат. Сиз кандай ойлойсуз?

Асанов: Муну мен да ойлодум. Анткени бардыгы эле мурунку күрөштөрдү видеотасмага алып, андагы балбандардын күрөшүү ыкмаларын иликтеп, өздөштүрөт. Бир себеби мында да болушу мүмкүн. Бирок менин айтарым: биздин спортчулар деле колунан келгенин жасады, мен машыктыруучуларга, балбандарга ыраазымын, анткени ушундай деңгээлге жетип, ошону кармап келе жатышат. Эң негизгиси – ушул деңгээлди да жоготуп алуу коркунучу турат, буга жеткирбөө керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG