Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Турнирдин мыктылары аныкталды


Бишкекте белгилүү журналист, маркум Мелис Эшимкановду эскерүүгө арналган бильярд жана шахмат боюнча турнир жыйынтыкталды.

Бишкектеги “Дасмия” эс алуу борборунда өткөн шахмат жана бильярд боюнча мелдешке маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты.

Шахмат таймашында жазуучу Асыкбек Оморов баш байгенин ээси болду. Улуттук телерадио корпорациянын кызматкери, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков экинчи орунду камсыз кылды. Эркин журналист Курманбек Турумбеков үчүнчү болду.

Отуздан ашуун журналист жана маданият кызматкерлери бильярд мелдешинде катышып, таймашуу курч мүнөздө өткөнүн башкы калыс Ильяс Адамов “Азаттыкка” маалымдап, “жакшы машыкса журналисттерден да мыкты оюнчулар чыкчудай”,-деди.

Эшимкановду эскерүүгө арналган бильярд мелдешинин баш байгесин НБТ телеканалынын кызматкери Ринат Турганалиев жеңип алды. Экинчи орун “Алиби” гезитинин кызматкери Тынчтык Алтымышевге ыйгарылды. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө акчалай, баалуу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Кыз-келиндер арасындагы бильярд мелдешинде эстрада ырчысы Гүлнур Асанова жеңүүчү деп таанылды. Финалда “Эркин-тоо” гезитинин бөлүм башчысы Сымбат Максутова Гүлнурга аз упай менен утулуп, экинчи болду. Үчүнчү орунду камсыз кылган “Жаңы агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаева бильярд ойногонду кесиптеши жана устаты маркум Мелис Эшимканов үйрөткөнүн “Азаттыкка” айтып берди.

Быйыл Мелис Эшимканов атындагы фонд түзүлүп, интернет сайт ачылганын, журналисттер арасында футбол, шахмат жана бильярд боюнча мелдештерди уюштуруп жатканын маркумдун жубайы Асел Эшимканова айтып, жолдошу спорт күйөрманы болгонун эскерди.

Журналист Мелис Эшимканов 2011-жылы каза болгон. Жаш кезинде футбол боюнча уландар командасынын капитаны болгон. Ал бош убакытысын футбол, бильярд жана шахмат ойноого жумшаган. Спортчуларды жана маданият ишмерлерин колдоого алып келген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG