Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Балбан Мусаев - чемпион


Кыргызстандык балбан Магомед Мусаев Минскиде алтын медал утту. Бразилияда кол күрөштөн кыргызстандык Ольга Ярославцева дүйнө чемпиону болду.

Кыргызстандык балбан Магомед Мусаев Минскиде өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык Гран-при турнирде баш байгенин ээси болду.

Ал 96 кило салмакка чейинки балбандар менен күч сынашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев билдирди.

- Турнир легендарлуу советтик балбан, олимпиаданын 3 жолку чемпиону Александр Медведдин мааракесине арналган. Даңазалуу балбан быйыл 75 жашка толду. Александр Медведдин байгеси үчүн мелдеш Минскиде 1970-жылдан бери ар жыл сайын өткөрүлүп келүүдө.

Эл аралык күрөш федерациясынын чечими менен 1994-жылдан тарта турнирге Гран-при категориясы берилген. Бул турнир быйыл 42-ирет өткөрүлдү.

Мелдешке Кыргызстан, Украина, Польша, Израил, Иран, Армения, Орусия, Латвия, Литва, Молдова, Казакстандын мыкты балбандары катышты.

Ольга Ярославцева - дүйнө чемпиону

18-сентябрда Бразилиядан кубанычтуу кабар келди. Сан-Винсенте шаарында өткөн армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Ольга Ярославцева алтын медал тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Айгүл Сыдыбаева билдирди.

Кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы Сан-Винсенте шаарында 9-сентябрда башталып, 17-сентябрга чейин өткөн. Кыргызстандык Вячеслав Абросимов дүйнө чемпионатында 4-орунду камсыз кылды.

Ысык-Көл оюндары

13-сентябрдан бери Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайында эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өтүүдө. Аталган спорттук иш-чара кыргыз өкмөтүнүн жана КМШ мамлекеттеринин эл аралык гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу менен өтүүдө.

Ысык-Көл оюндарына Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын жана Кытайдын спортчулары катышууда.

"Мындай спорттук иш-чара аталган өлкөлөрдүн ортосунда достукту чыңдоо, спорттук чеберчиликти өркүндөтүү максаттарын көздөйт", - дейт мелдештин башкы катчысы Канат Арпачиев.

Мелдештин жадыбалына эркектер, кыз-келиндер жана үй-бүлөлүк командалар арасындагы спорттун 19 түрү кирген. Алар: гир спорту, сууда сүзүү, волейбол, көл жээк волейболу, стритбол, армрестлинг, кичи футбол, кумдагы футбол, үстөл тенниси, теннис, жеңил атлетика, дарст, аркан тартыш жана башка мелдештер болуп саналат.

XII Ысык-Көл спорттук оюндарына миңден ашык спортчу мөрөй талашып жатат.

Орусиялык жаран кыргыз футболун тейлейт

18-сентябрда Орусиянын жараны, “Дордой” футбол клубунун башкы устаты Сергей Дворянков Кыргызстандын тандалма командасынын башкы устаты болуп дайындалды. Буга чейин бул милдетти өлкөнүн жаштар тандалма командасынын башкы устаты Мурат Жумакеев аркалап келген.

Сергей Дворянков 5 жылдан бери «Дордой» футбол клубунун башкы устаты болуп, дурус адис катары таанылды. Быйыл "Дордой" клубу Кыргызстандын эгемендик кубогун утуп, былтыр жетинчи ирет өлкө чемпиону аталган. Эми октябрь айында Тажикстанда өтө турган Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдештин финалдык таймаштарына катышат.

Түркмөнстан президентинин кубогу

18-сентябрда футбол боюнча өлкөнүн уландар командасы Ашхабад шаарына барды. Жаш футболчулар Түркмөнстандын президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдешке катышат. Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, кыргызстандык футболчулар А тобундагы күчтүү атаандаштарга туш болду.

Бул топто Орусия, Казакстан, Армения, Түркмөнстан командаларына каршы ойноо кыйынчылыкты жаратышы анык дешет футбол серепчилери. Ал эми В тобунда Украинанын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Беларустун жаш футболчулары мөрөй талашат.

Кыргызстандык жаш футболчулар 20-сентябрда Армения, 21-сентябрда Түркмөнстан, 22-сентябрда Орусия жана 25-сентябрда Казакстандын командалары менен беттешет. Турнирдин жеңүүчүлөрү 30-сентябрда аныкталат. Баш байге - 35 миң доллар.

Спортчулардын биринчи курултайы

19-сентябрда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт сарайында спортчулардын Биринчи курултайы өтөт. Бул туурасында уюштуруу комитетинин мүчөсү, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнкан Майназаров билдирди.

Курултайга Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү, эл аралык мелдештердин катышуучулары, машыктыруучулар, спортко эмгек сиңирген ишмерлер жана спорттун келечегине кайдыгер карабаган коомдук ишмерлер катышат.

Курултайда Кыргызстандагы спортту каржылоо маселеси, аймактардагы спорттун ал-абалы, сергек жашоону жайылтуу маселелери талкууга алынат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG