Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Cтипендияң жетеби, спортчу?


257 спортчуга алты категория боюнча стипендия берилет. Мыкты спортчулар ай сайын 45 миң сом алса, айрымдарына 2 миң сом стипендия чектелген.

Кыргызстанда 257 спортчу алты категория боюнча 22 млн. сом стипендия алышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Байгазы Кенжебаев билдирди.

- Эң жогорку категориядагы спортчулар 45 миң сом, 1-категориядагылар 25 миң сом алышат. Ал эми 2-категория 15 миң сом, 3-категория 8 миң сом, 4-категория 5 миң сом, 5-категория 3 миң, 6-категориядагылар эки миң сомдон стипендия алышат.

Стипендиялар калыстык менен бөлүштүрүлбөйт деп айрым спорт адистери нааразы. Алардын бири, машыктыруучу Төлөгөн Исаев шахмат боюнча уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин 5 миң сом стипендия аларын айтты.

- Биз бир жылдан бери каражат жок эл аралык мелдештерге баралбай жатабыз. Балбандарга бөлүнгөн каражаттын теңи бизге берилсе, шахматчылар Азия чемпионаттарында байге утуп келмек. Машыгууга шарт жок. Таланттуу жаш спортчулар колдоого алынбай жатат.

Лондон паралимпиадасынын катышуучусу, майып спортчу Эсен Калиев олимпиадага даярдануу үчүн каражат тартыш болгонун айтып, учурда 15 миң стипендиясы дары-дармекке, витамин, тамак-ашка да жетпей жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Ошондой эле оор атлетика боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнкан Майназаров өлкөдө жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн Лондон олимпиадасынын катышуучусу Бекзат Осмоналиев Азербайжанга кетип жатканын, алар ай сайын миң евро стипендия төлөп берүүгө убада кылышканын билдирди.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Лондон олимпиадасынын алдында 12 спортчуга бир жарым жыл бою ай сайын 650 доллардан кошумча стипендия төлөнгөнүн “Азаттыкка” айтып, экөө гана - Данияр Көбөнов менен Чыңгыз Мамедов олимпиадага жолдомо алышканын кошумчалады.

- Мисалы, Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев ай сайын 45 миң сом стипендия алат. Лондон олимпиадасынын алдында Руслан Улуттук олимпиада комитетинен да ай сайын 650 доллар кошумча стипендия алып турган. Ошондой эле олимпиаданын коло байге ээси катары да ай сайын 15 миң сом жөлөк пул алат. Бирок ал Лондон олимпиадасына жолдомо албай калды. Ушундай эле каражат Канат Бегалиевге да берилди.

Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбековдун пикиринде, спортчулар стипендиясын максаттуу пайдаланбай жатышат.

Үнөмдүү пайдаланса, 25 миң сом стипендия эле кенен жетерин Лондон олимпиадасынын катышуучусу, эркин күрөш чебери Айсулуу Тыныбекова айтты.

Спорт адистери ийгилик жаратуу үчүн айрымдарга каражат жетиштүү болгону менен чеберчилик аксап турганын, мекенчилдик сезим жетишпестигин да айтып келишет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG