Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Дзюдочу Токтогонов - Азия чемпиону


2-октябрда Москвада самбодон дүйнө кубогунун таймаштары башталды. Тайпейде дзю-до боюнча жаштар арасында Болот Токтогонов Азия чемпиону болду.

1-октябрда Кытайдын Тайпей шаарында уландар жана жаштар арасында дзю-до боюнча Азия биринчилиги жыйынтыкталды. Мында 100 кило салмактагылардын таймашында кыргызстандык Болот Токтогонов жаштар арасында Азия чемпиону аталып, былтыркы наамын сактап калды. Ошондой эле Болот Токтогонов 2010-жылкы Сингапур жаштар олимпиадасынын коло байге ээси болуп саналат.

Уландардын күч сынашуусунда 73 кг салмакта Эрмек Сариев менен 81 кило салмактагы Ростислав Дашков Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. Кыздардан Айжаңыл Кадырбекова коло байгелүү болду. Алты улан бешинчи, бешөө жетинчи орунга илинди.

"Азия биринчилигинде 21 өлкөнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстандын намысын 17 улан-кыз коргоду", - дейт федерациянын техникалык директору Эмил Кадыракунов.

Москвада самбодон дүйнөлүк таймаш

1-октябрда кыргызстандык самбо күрөш чеберлери Москва шаарында башталган дүйнө кубогунун таймаштарына катышууда.

"3-октябрда самбо күрөшүнөн дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталат. Мында өлкө намысын 5 спортчу коргоп жатат. Каражаттын тартыштыгынан жол киреге ата-энелер жардам беришти. Өкмөттүн колун карап отура берүүгө мүмкүн эмес, мелдештер да күтүп турбайт", - деп маалымдады “Азаттыкка” федерация президенти Нурлан Токоноев.

Монголияга аттаган оор атлетчилер

1-октябрда Кыргызстандын оор атлетчилеринен тандалган балбандары Монголияга аттанып кетишти.

Улан-Батор шаарында 4-октябрдан 12-октябрга чейин оор атлетика боюнча Азия кубогу үчүн күч сынашуулар болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов кабарлады.

- Азия кубогу үчүн уландар, жаштар жана чоңдор күч сынашат. Каражат маселеси чечилбей, командабыз толук катышпай турган болду. Келечегинен үмүткөр кылган жаш балбандар Даулет Майназаров, Медер Маркаев жана Сыргак Абдраманов өлкө намысын коргойт. Мындай мелдештерден такшалып, тажрыйба топтоп келиши зарыл.

Жетинин бири кыйын

30-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Динмухамед Кунаевдин 100 жылдыгына арналган эркин күрөштөн эл аралык турнир жыйынтыкталды.

"Мында кыргызстандык 7 балбан күрөшүп, 66 кило салмакта Улукман Маматов үчүнчү орунду ээледи", - деди федерациянын башкы катчысы Айбек Акматов.

"Дордой" топ баштап келүүдө

Футболдон өлкөнүн Топ лигасында Бишкектин “Алга” командасы Канттын “Абдыш-Ата” клубун 2:0 эсебинде утуп алды.

Ошондой эле Оштун “Алай” командасы “Динамо ИИМ” командасын да 2:0 эсебинде жеңип, Топ лигада экинчи орунга көтөрүлдү. Учурда топту 49 упай топтоо менен өлкөнүн 7 жолку чемпиону Бишкектин “Дордой” клубу баштап келүүдө.

Ат ойноткон азаматтар

Бишкекте ат спорт федерациясынын кубогуна арналган мелдешти Азим Керималиев менен Ринат Галимов баш байгесин утуп алышты.

1 метр 20 сантиметр бийиктиктерден ат ойнотуп секиртүүдө “Ландам” аттуу аргымагы менен Азим Керималиев биринчи болду. Уландар 1 метрлик бийиктиктерден ат ойнотуп секиртти. Мында “Мырза-Тору” күлүгү менен Айдар Капаров баш байгенин ээси болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG