Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Оор атлетчилерге оомат келеби?


Оор атлетчи Бекзат Осмоналиев
Оор атлетчи Бекзат Осмоналиев

Бишкекте оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты аяктады. Олимпиада, дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиевдей балбандар барбы?

Жеңил салмактагы балбандардын күч сынашуусунда 17 жаштагы Даулет Майназаров баш байгенин ээси болду. Ал 85 килону жулкуп, 107 килону түртүп көтөрүп, адистердин көңүлүн бурду. Майназаров быйыл Монголияда өткөн Азия кубогунда биринчи орунду ээлеген.

62 кило салмакта токтогулдук, эл аралык спорт чебери Изат Артыков былтыркы чемпиондук наамын сактап калды. Артыков 120 килону жулкуп, 140 килону түртүп көтөрүп, эл аралык деңгээлин көрсөттү. Артыков быйыл Мьянма өлкөсүндө өткөн жаштардын Азия чемпионатында күмүш байге утуп келген.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Өмүржан Молдодосов быйыл мелдеште жаштар сындан өткөнүн айтып, Бишкекте жайында өтүүчү Азия чемпионатына азыртан даярдык көрүү керектигин белгиледи.

69 кг.салмактагы күч сынашууларда 252 кг. оордукту багындыруу менен баш байгенин ээси Захид Токобаев болду.

- Кыргыз балбандарынын аракети дурус болгону менен эл аралык деңгээли, тажрыйбасы жетишпейт. Олимпиадалык бийиктикти багындыруу үчүн талыкпаган эмгек, түмөн түйшүк, бекем эрк керек. Жаштарды эл аралык мелдештерге көп катыштырып, Казакстан, Орусия менен бирге машыгууларды уюштуруу зарыл,- дейт олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев.

- Биздин жигиттерге демөөрчү болуп, колдоого алган ишкер агалар деле болбоду. Колдоого татыктуу, намысты бийик көтөрүп жүргөн жаштар деле бар. Кендирди кескен каражаттын азабынан дүйнө чемпионаттарына бара албай калып жатабыз. Жигиттердин даярдыгы дурус эле. Кыргыздын туусун бийик көтөрүүгө, намысты колдон чыгарбоого аракет бар. Бирок эл аралык тажрыйба аздык кылып жатат.

77 кг. салмакта Айдар Мамадраимов өлкө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Ал 132 килону жулкуп, 152 кг. салмакты түртүп көтөрдү.

Ал эми 85 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуусунда Данияр Супахунов биринчи орунду утуп алды.

10 жылдан бери оор атлетика менен машыгып келе жаткан, өлкөнү эл аралык аренада тааныткан эл аралык спорт чебери, жаштар арасында Азиянын чемпиону Султан Молдодосов жаракат алгандыктан эми гана кайрадан катарга кошулду.

- Жаңыра турган 2013-жылы уландар, жаштар арасында Азия чемпионаты Бишкекте өткөрүлөт. Ошондуктан бул ирет жаш балбандарды сындан өткөрүп, аларга басым жасалды - дейт федерациянын вице-президенти, Азия чемпиону Улан Молдодосов.

94 кг. салмакта Кубаныч Токтоналиев, 105 кило салмакта Павел Козлов жана оор салмакта Сергей Долгалев 2012-жылдагы өлкө чемпиондору аталды.

Кыз-келиндер эки салмак боюнча күч сынашып, жеңил салмакта Жаңыл Океева чемпиондук наамын сактап калды. 53 кило салмакта Жумакан Эрмекбаева баш байгенин ээси болду.

Эгемендик алгандан бери кыргыз балбандары Азия чемпионаттарында байгелүү орундарга жеткени менен дүйнө биринчилигинде ийгиликке жетпей жүрөт. Атланта олимпиадасынан бери беш олимпиадалык таймашта кыргыз балбандары байгеге илинген эмес. Спортчулар буга шарт жоктугун, каражат жетишсиздигин шылтоо кылса, серепчилер адистердин деңгээли төмөндүгү менен түшүндүрүп келишет.

Эми 2013-жылы Бишкекте алгач ирет оор атлетикадан уландардын Азия биринчилиги болмокчу. Бул үчүн федерация президенти Акматбек Келдибеков баш болуп учур талабына ылайык ондон ашуун штанга, спорт жабдууларын алууга аракет кылып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG