Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Алыш Азия оюндарына кириши ыктымал


Кыргызстандын дзю-до федерациясына жаңы жетекчи шайланды. Кыргыздын алыш күрөшү Азия оюндарынын программасына кириши ыктымал.

1-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин чейрек финалдык беттешүүлөрү болот. Бул мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан баштаган 6 өлкөдөн 199 мушкер катышууда.

"Бул турнирде өлкөнүн бардык аймагынан тандалган жигиттер да намысты коргоп, чет элдик атаандаштарына каршы турууда", - дейт башкы устат Адылхан Бекболотов.

Алгачкы эки күндүк таймаштарда кыргызстандык кырктан ашуун жигит жеңишке жетип, кийинки беттешүүлөргө жолун ачты.

Он бир салмак боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү 3-февралда аныкталат.

4 жигит дүйнө чемпионатына барат

31-январда Бишкекте бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо турнири болду. Мында өлкө аймагынан тандалган кий чеберлери мөрөй талашып, Зайлан Адамов дүйнө чемпионатына жолдомо утуп алды.

"Ошентип дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев баштаган төрт жигит 6-февралда Орусиянын Кемерово шаарында өтө турган дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргойт", - дейт мелдештин башкы калысы Ильяс Адамов.

Дзю-донун президенти алмашты

31-январда өлкөнүн Дзю-до күрөш федерациясынын жетекчисин кайра шайлоо жыйыны болду. Бишкек шаардык кеңештин депутаты, "Аламүдүн" базарынын башкы директору Ырысбек Мааткабылов федерациянын президенти болуп бир добуштан шайланды. Бул тууралуу федерациянын жооптуу кызматкери Эркин Кадыракунов “Азаттыкка” маалымдады.

Дзю-до федерациясынын мурдакы президенти Азамат Бакасов Лондон олимпиадасынан спортчулар ийгиликке жетпей калгандан кийин отставкага кеткен. Бул федерациянын учурунда экс-президент Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев да башкарган.

Алышты Азия оюндарынан көрөлү

Дүйнө жүзүндө улуттук күрөштүн эки жүздөн ашуун түрү бар. Ал эми бел кур күрөшү менен жетимишке жакын өлкөнүн балбандары күрөшүп жүрөт.

Кыргыз улуттук алыш күрөшү 2014-жылы Түштүк Кореяда өтө турган Азия оюндарынын программасына кирип калышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбеков билдирди.

- Алыш күрөшү боюнча федерация дүйнөнүн 37 өлкөсүндө бар. Спорттун бул түрү Кыргызстандан башка Иранда, Индияда жана Пакистанда өзгөчө тараган. Биздин улуттук күрөш түрүнүн дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да популярдуу болуп баратат. Күрөштүн бул түрүнүн Азия оюндарынын программасына кириши үчүн анын эрежесин өзгөртүп (салмак категориялары менен ыкмаларынын түрлөрүн аныктап), олимпиадалык оюндарга жакындаштыруу да керек.

Алыш күрөш федерациясы 2001-жылы маркум Баяман Эркинбаевдин демилгеси боюнча негизделген. Алыштын эрежелери менен идеясы «Манас» эпосу менен салттуу күрөштөн алынган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG