Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:31

Кыргыз балбандары Түркиядан 3 медаль утуп келди. АКШдан төрт атактуу спортчу Кыргызстанга келип, Караколдо жаштарга кеп-кеңештерин айтууда.

Кыргыз балбандары Түркиядан олжолуу кайтып келди. Куршан-Мараш шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандары 3 медаль утуп алды.

Бул турнирде 20 өлкөнүн эки жүзгө жакын балбаны күч сынашты. Жыйынтыгында жеңил салмакта Алтынбек Алымбаев баш байгени утуп, алтын медаль тагынды. 60 кило салмакта Адилет Маматаев финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. 66 кг. салмактагы Улукман Маматов үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Айбек Акматов маалымдады.

17-февралда Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталат. Мында өлкө аймагынан тандалган балбандар күч сынашып, жеңүүчүлөрдөн тандалма команданын курамы түзүлөт.

Орусияда олжо алган Камолддин

Орусиянын Вологда шаарында өткөн эл аралык бильярд турниринде кыргызстандык Камолддин Есиддинов баш байгени утуп алды. Ал жети оюнда тең жеңишке жетип, финалда армениялык Размика Варданянды 5:4 эсебинде утуп алды. Мында Кыргызстан, Армения жана Орусиянын элүүдөй кий чебери мөрөй талашты.

АКШ-Кыргызстан: Спорт - достукка көпүрө

14-февралдан бери спорттун кышкы түрлөрү боюнча АКШнын төрт атактуу спортчусу жаштарды машыктыруу жана шыктандыруу максатында Кыргызстанда иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин бөлүм башчысы Кенжебек Чекиров “Азаттыкка” билдирди.

- Үлгүлүү тажрыйбасы бар инсандарды чакырып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Бул дүйнө жүзү боюнча достук мамилелерди түзүүнүн эң мыкты ыкмасы. Өткөндө да олимпиаданын 4 чемпиону келип, жаштарга кеп-кеңеш берип, чеберчилигин көрсөтүп, мастер-класс өткөн. Балдар абдан кызыгып, таасирленип калышкан эле. Мына ушундай биргелешкен бир нече долбоорду ишке ашыруу алдыда максат болуп турат.

Иш-чара АКШ элчилигинин колдоосу менен "Американ 300 фонду" аттуу америкалык бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулууда.

Америкалык атактуу спортчулар тобунун курамы төмөнкүдөй: Дэвон Харрис- бобслей боюнча Ямайка курама командасынын капитаны, үч Олимпиада оюнуна катышкан. "Дисней" тарткан Cool Runnings тасмасынын жаралышына себепкер болгон.

Ошондой эле Нелсон Кармайкл, лыжа тебүүнүн фристайл могул түрүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Ал 1992-жылы өткөн кышкы Олимпиадада лыжанын фристайл могул түрүнөн коло медалга ээси.

Мындан тышкары, Кэролайн Лалив, тоо лыжасы боюнча эки Олимпиада оюндарына катышкан жана Том Уиттейкер, бир буту жок альпинист катары дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган биринчи адам.

Америкалык атактуу спортчулар өздөрү тууралуу караколдук жаштарга кеңири айтып беришти. 14-февралда спортчулар мурунку олимпиадалык машыктыруучу жана "Американ 300" уюмунун негиздөөчүсү Роби Пауэрстин коштоосунда Каракол менен барып, спорттун кышкы түрлөрү боюнча өспүрүмдөргө кеп-кеңештерин берүүдө. Андан кийин Орловкага барууга ниет кылышууда. Бул иш-чара 20-февралга чейин уланат.

Бокс: жаштар сыналууда

Бул күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өтүүдө.

Рингдеги күч сынашууга өлкө аймагынан тандалган 188 мушкер катышууда.

Он салмак боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, алар март айында Филиппиндер өлкөсүндө өтө турган жаштар арасындагы Азия биринчилигинде өлкө намысын коргойт. Жеңүүчүлөр 15-февралда аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG