Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

22-февралда кыргызстандык дзю-дочулар Баку жана Караганда шаарларына мелдешке аттанып кетишти.

22-февралда кыргызстандык жөө күлүктөр марафондук жарыш боюнча Азия чемпионатына катышуу үчүн Гонконг шаарына жөнөп кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Канат Аманкулов билдирди.

24-февралда Гонконг шаарында 42 км. 195 метр марафондук жарыш боюнча Азия чемпионатында өлкө намысын Юлия Андреева менен Мария Коробицкая коргойт.

Гүлшанай Сатарованын 2 алтыны

Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшанай Сатарова Ирандын борбору Тегеранда өткөн эл аралык жеңил атлетика турниринде эки алтын медаль утуп алды. Сатарова 800 жана 1500 метр аралыктарга жарышта марага озуп келип, эки ирет баш байгенин ээси болду. Анна Буланова узундукка секирүүдө күмүш медаль тагынды. Спорттун беш түрү боюнча таймашта Олеся Коровина да экинчи орунду ээледи.

"Тегерандагы мелдешке катышкан 9 өлкөдөн үркөрдөй болгон 8 спортчусу менен Кыргызстан командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи", - дейт федерация президенти Канат Аманкулов.

Дзю-до: Германия, Азербайжан, Казакстанга сапар

Кыргызстандын дзю-до боюнча тандалма командасынын мүчөлөрү 21-февралдын таңында Германияга жөнөп кетишти. Алатоолук 6 жигит 23-24-февралда Дюсселдорф шаарында өтө турган Grand Prix турнирине катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын өкүлү Эркин Кадыракунов билдирди.

Бул турнирде арбын упай топтогон балбандарга 2013-жылкы дүйнө чемпионатына жолдомо ыйгарылат. Ошондуктан таймашуу курч мүнөздө өтүп, балбандар дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 64 спортчунун катарына кириши керек.

Кыргызстандын намысын Адилет Ботоканов, Эдил Беккулов, Руслан Жаныбек уулу, жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, 2010-жылы Сингапурда өткөн биринчи жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов жана Лондон олимпиадасынын катышуучусу Юрий Краковецкий коргойт. Кыргызстандын делегациясын дзю-до федерациясына жаңы президент болуп шайланган Ырысбек Мааткабылов жетектеп баратат.

Кыргызстандын дзю-до боюнча уландардын тандалма командасынын мүчөлөрү 21-февралда Азербайжанга жөнөп кетишти. Кыргызстандык 7 балбан 23-24-февралда Баку шаарында өтө 18 жашка чейинки курактагы балбандардын дүйнөлүк Кубогуна катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын өкүлү Эркин Кадыракунов билдирди.

Кыргызстандын намысын Баяман Сагынбай уулу, Бакытжан Жуманазаров, Бексултан Султанов, Алибек Чороев, Асан Бейшекеев, уландар арасында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Эрмек Сариев жана Азамат Бектурсунов коргойт.

Делегацияны машыктыруучу Азамат Жасыбаев жетектеп, жаш балбандарга баш-көз болуп баратат.

Казакстандын Караганда шаарында 23-24-февралда дзю-до боюнча эл аралык турнирге да кыргыз балбандары катышканы жөнөп кетишти. Бул үч өлкөгө барган спортчулардын бардык чыгымдарын федерацияны президенти Ырысбек Мааткабылов көтөрдү.

Көркөм муз тебүү: Алгачкы карлыгачтар

22-февралда өспүрүмдөр арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты улантылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров маалымдады. Анда 7 жаштан 14 жашка чейинки муз үстүндөгү чеберлер катышууда.

Мелдеш өлкөдө кеңири тарабаган спорттун бул түрүн жаштар арасында жайылтуу максатында уюштурулууда. Муз үстүндө бийлөө Кыргызстанда кийинки жылдары гана жандана баштаган спорттун түрү. Көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты былтыр алгач жолу өткөн.

Футбол: "Ала-Тоо кубогу"

22-февралда Кант шаарында футболдон “Ала-Тоо кубогу” эл аралык турниринин беттешүүлөрү уланат. Мында Кыргызстандын 6 командасы жана Казакстандын эки клубу мөрөй талашууда. Турнирдин жеңүүчүлөрү 26-февралда айкын болот. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады.

Кант шаарында Футзал боюнча өлкөнүн кыз-келиндер арасындагы чемпионатынын баш байгесине талапкерлер аныкталып калды.

Жарым финалда өлкөнүн футбол федерациясынын футбол борборунун командасы Канттын “Абдыш-Ата” клубу жана “Ысык-Көл” командасы Бишкектеги 2-балдар спорт мектебинин командасы менен беттешет.

Ксения Палкинанын ийгилиги

21-февралда Казакстандын Чымкент шаарында теннистен эл аралык турнир уланды. Актөбөдөгү эркектер арасындагы турнирде 14 өлкөнүн элүүдөй спортчусу мөрөй талашууда. Алардын катарында өлкө намысын жалгыз Данияр Дулдаев коргоп жатат. Ал эми Чымкенттеги кыз-келиндер мелдешинде да 8 өлкөдөн тандалган кырктай спортчу беттешүүдө.

Мында өлкө намысын коргоп жаткан төрт кыздан Ксения Палкина чейрек жарым финалга чыкты. Эми ал баш байгеге талапкердин бири болуу үчүн казакстандык Александра Гринчишинаны утуп алышы керек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG