Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

“Ала-Тоо-Дордой” - чемпион


27-февралдан бери Бишкек шаардык муз айдыңында ар күнү экиден беттешүү болуп, 4-мартта жеңүүчүлөр аныкталды.

3-мартта жарым финалда Нарындын “Ала-Тоо-Дордой” командасы Бишкектин “Хан-Тенгри” командасынын 9:4 эсебинде утуп алган эле. Упайлардын айырмасы боюнча кайрадан ушул эки команда чемпиондук наам үчүн кайрадан беттешти.

Ошентип 5 күндүк хоккей беттешүүлөрү жыйынтыкталды. Мында экс-чемпион, Бишкек шаарынын “Хан-Тенгри” командасы менен Нарындын “Ала-Тоо-Дордой” командалары финалдык беттешүүсү курч мүнөздө өттү. Муз айдыңынын ээси катары бишкектиктер чабуулга өткөнү менен демилгени нарындыктар алып, эсепти ачты.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн аягында “Хан-Тенгри” командасынын чабуулчусу Александр Шевченко эсепти теңдеди. Бирок беттешүүнүн 2-3- бөлүгүндө нарындыктар дембедем чабуулга өтүп, 8:2 эсебинде утуп, чемпиондук наамга арзыды. Нарындык хоккейчилерди сүрөөнгө алып, дем-күч-кубат бериш үчүн күйөрмандар муз айдыңын жаңыртып турду.

Үчүнчү орун үчүн былтыркы чемпион, Бишкек шаарынын “Арстан” командасы Жумгал районундагы Чаек айылынын “Жумгал-Шортон” командасы беттешип, бишкектиктер 9:4 эсебинде утуп, коло байгелүү болду.

Биринчи турда Бишкектин “Арстан” командасы алдыга чыккан эле. Экинчи тур февралда Нарын шаарында өтүп, мында жергиликтүү “Ала-Тоо-Дордой” командасы биринчи орунду ээлеген. Чечүүчү таймаш да нарындыктардын пайдасына чечилди.

50 жаштан ашса да ушул командада ойноп, жаштарга насаатчы болуп жүргөн Ниязбек Алиев “Азаттыкка” финалдык беттешүү курч мүнөздө өткөнүн айтып берди.

Астанада өткөн 7-кышкы Азия оюндарынын катышуучусу, эл аралык спорт чебери Султан Токоев да “Ала-Тоо-Дордой” командасынын чабуулчусу. Ал дагы жеңишке жеткенине кубанып, “эми Азия чемпионатына даярдык көрүү керек”, дейт.

Нарындык хоккейчилерди сүрөөнгө алып, демөөрчү болуп келген өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков да жетине албай кубанып турду.

Чемпионаттын жыйынтыгында Нарындын “Ала-Тоо-Дордой” командасынын оюнчусу Рамиль Гайсин “мыкты чабуулчу” деген сыйлыкка арзыды. Ал атаандаштарынын дарбазасына 35 шайба киргизип, чеберчилигин айгинеледи.

Бишкектин “Арстан” командасынын дарбазачысы Адил Альменов, Бишкектин “Хан-Тенгри” командасынын чабуулчусу Максим Ходоренко “мыкты оюнчу” деген сыйлыктарга татыктуу болду. Роман Скрунник “кара кылды как жарган калыс” аталды.

3-мартта жарым финалда Нарындын “Ала-Тоо-Дордой” командасы Бишкектин “Хан-Тенгри” командасынын утуп алган.

Байгелүү орундарга жеткен командалар медалдар, баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Финалдык оюндарга тандалган 4 команда катышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG