Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Футбол: Кыргызстан Пакистанды утту


19-мартта Бишкекте футболдон Азия чакырык кубогу үчүн мелдешке Кыргызстан, Пакистан, Макао жана Тажикстан командалары катышууда.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол конфедерациясынын чакырыгы кубогу үчүн футболдук кезектеги беттешүүсү аяктады.

Кыргызстандын курама командасы Пакистандын курама командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун биринчи мүнөтүндө эле кыргызстандык футболчу Дэвид Тетте өзгөчөлөнүп, Пакистандын дарбазасына топту таамай тээп киргизди. Бүгүнкү голдун автору Дэвид Тетте буга чейин Макаонун командасынын дарбазасына да гол киргизип, 1:0 эсебинде жеңишке салым кошкон болчу.

"Кыргызстандык футболчулардын чабуулдары натыйжа бербей, пакистандыктар да жакшы ойноду", - дейт өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков.

Бул эки команданын беттешүүсүндө пакистандык Адил Мухаммад жана кыргызстандык Кара кыргыз аталган Дэвид Тете айырмаланды.

Эл аралык футбол федерациясынын калысы, Лондон олимпиадасында да калыстык кылган Бахадыр Кочкаровдун пикиринде, эми кыргызстандык футболчулардын негизги атаандашы Тажикстандын командасы болмокчу.

Бир нече ирет эсепти көбөйтүү ыңгайын колдон чыгарган кыргызстандык футболчуларга “Дордой” футбол клубунун вице-президенти, дзю-до федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов да нааразы болуп, пакистандык футболчулардын деңгээли өскөнүн белгиледи.

Пакистандын тандалма командасынын курамындагы 2 оюнчу Англиянын "Вустер Сити" жана "Нельсон" футбол клубунда ойнойт. Дагы 4 оюнчу Даниянын футбол клубдарынын намысын коргоп жүрөт. Бул тандалма команданы сербиялык устат Завиш Милославлевич машыктырып келүүдө.

19-мартта күндүзгү оюнда Тажикстандын тандалма командасы Макаонун футболчуларын 3:0 эсебинде жеңип алышты. Мында тажикстандык жарым коргоочу Жамшид Исмоилов 2 топ киргизсе, 19 жаштагы Жахонгир Эргашев дагы бир топту Макаонун дарбазасына таамай тээп киргизди.

Азия футбол конфедерациясынын чакырыгы кубогу 2006-жылдан бери футбол анча өнүкпөгөн өлкөлөр арасында уюштурулуп келет. Жеңишке жеткен команда Азия кубогу үчүн оюндарга катышуу укугун алат.

21-мартта акыркы эки оюн болмокчу. Саат 12де Макао менен Пакистан беттешет. Ал эми кыргызстандык футболчулар Тажикстандын командасы менен беттешет. Бул оюнда эки команда тең чыкса деле кийинки финалдык оюндарга жолу ачылат.

Азиянын чакырык кубогунун финалдык оюндары келээрки 2014-жылы Мальдив аралдарында болмокчу.

Кыргызстандык футболчулар биринчи оюнда Макао командасын 1:0 эсебинде уткан. Футболдук мелдешке күйөрмандар арбын келип, оюнчуларды сүрөөнгө алып турушту.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG