Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

“Дордой” клубу үмүт актайбы?


“Дордой” клубу мурда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун эки ирет уткан. Быйылкы атаандаштары кимдер болот?

Жакында эле Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда “Дордой” футбол клубунун АФК президентинин кубогундагы атаандаштары аныкталды. Быйыл да мыктыларды иргеп алуу беттешүүлөрдө 12 команда күч сынашат. Бул ирет Тажикстандын командасы Азия кубогунда ойноого укук алгандыктан, алардын ордуна филиппиндер ойномой болду. Куала-Лумпурда 12 команда үч топко бөлүндү. Мыктыларды иргеп алуу таймаштары 2-майдан 12-майга чейин өтөт.

А тобунда Непал, Тайбэй, Монголия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн чемпиондору атаандашат. С тобунда болсо Камбожа, Палестина, Түркмөнстан жана Шри-Ланка мамлекеттеринин футболчулары беттешет. “Дордой” футбол клубу В тобунда ойнойт.

Бул ирет алардын атаандаштары Бутандын чемпиону “Йездин”, Пакистандын КРЛ жана Филиппиндер өлкөсүнүн чемпиону “Глобал” командалары болмокчу. Мыктыларды тандоо мелдештери 2-майдан 9-майга чейин Манилада өтөт.

Футбол адиси Ырыскелди Мусаевдин пикиринде, бул ирет “Дордой” клубу өз тобунда лидер болуп, финалдык беттешүүлөргө жолун ачат. Бирок финалдык оюндарда кимдер менен ойноору али табышмак.

“Дордой” футбол командасынын капитаны Руслан Сыдыковдун айтымында, даярдык жакшы, быйыл баш байге үчүн аракет кылышат.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, “Дордой” командасы чет өлкөлүк футболчуларга көп көңүл буруп, жергиликтүү жаштар маани бербей, чеберчилиги, таасири начар. Ошондой эле өлкөнүн футбол чемпионатында 5-6 команда гана ойноп, деңгээли да төмөндөп кеткен.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун пикиринде, «Дордой» командасы 2010-жылы финалда атаандашы мьянмалык футболчуларга утулуп калган. Ал эми былтыр иргеп алуу мелдештеринде эле утулуп, финалдык топко кирбей калган.

- Бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде жаңы уюшулган атаандаштарынан утуп, алдыга чыкпай калганы чынында эле уят иш болгон. Быйылкы атаандаштарын утуп, финалга чыгышы керек.

"Дордой" футбол клубунун вице-президенти Улукбек Салымбеков "быйылкы максат АФК президентинин кубогун утуп, келээрки жылы Азия кубогуна талапкер болуу", - дейт.

Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна сегизинчи жолу удаасы менен катышкан бирден бир команда болуп саналат.

"Дордой" командасы 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон. Ошондой эле “дордойчулар” төрт ирет финалда утулуп, 2005, 2008, 2009-2010-жылдары экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

Биринчи орунду ээлеген командага 50 миң доллар жана күмүш кубок сыйлык катары тапшырылып келатат.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык оюндары быйыл сентябрда өтөт. Бирок кайсы өлкөдө болоору али тактала элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG