Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Жаш футболчулар шыктанды


Учурда футболдон өлкөнүн өспүрүмдөр командасы Кувейттеги машыгуудан кийин 22-апрелде Азия биринчилигинин тандоо мелдешине Иранга барышат.

Футболдон өлкөнүн тандалма командасы Азия чакырык таштоо кубогунун Бишкектеги тандоо мелдешинде Тажикстан, Пакистан жана Макао командаларын уткандан кийин кадыр-баркы көтөрүлө баштады. Эл аралык футбол федерациясынын март айындагы рейтинги боюнча, Кыргызстан 201-орундан 142-орунга 59 тепкичке өйдө көтөрүлдү.

Мындай жаңылык жаш футболчуларды дагы шыктандырып турмакчы. Себеби өспүрүмдөр командасы Азия биринчилигинин тандоо мелдешине катышканы турат. Бул ирет мыктыларды иргеп алуу турнири Ирандын Мешхед шаарында 23-апрелден 29-апрелге чейин өтөт.

Кыргызстандык 14 жашка чейинки жеткинчектер Д тобунда күчтүү атаандаштары: Ирандын, Пакистандын, Индиянын жана Түркмөнстандын командасы менен беттешет. Эгерде өз тобунда жеңишке жетсе гана 2014-жылкы Азия биринчилигинин финалдык оюндарына катышууга жолун ачат.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, учурда Кыргызстандын өспүрүмдөр тандалма командасы Кувейтте машыгууда жүрөт.

- 11-апрелде жергиликтүү “Кадция” клубу менен беттешип, 2:1 эсебинде утуп алышты. 14-17-апрелде Кувейттин өспүрүмдөр тандалма командалары менен күч сынашат. 19-апрелде дагы бир жергиликтүү футбол клубу менен ойноп, даярдыгын дагы текшерет.

22-апрелде алар Кувейттен Иранга барышат. Мехшед шаарында 23-апрелде биринчи беттешүүдө Түркмөнстандын командасы менен беттешет. 24-апрелде Индиянын тандалма командасы менен атаандашат. 25-апрелде эс алып, 26-апрелде пакистандык футболчулар менен күч сынашат. 28-апрелде курч таймашуу болмокчу. Бул күнү талаа ээлери - ирандык футболчулар менен беттешет.

Негизги оюнчулар “Дордой” футбол клубунан экенин клубдун басма сөз катчысы Марат Абытеков белгилеп, башкы атаандаштар ирандык жана түркмөнстандык балдар болоорун, аларды да утуп алууга аракет кылышарын “Азаттыкка” билдирди.

"Мына ушундай мелдештерге катыштыруу менен гана чеберчилик жогорулап, өсүш болот. Тандалма команданын курмында келечегинен үмүткөр кылган өлкө аймагынан тандалган өспүрүмдөр да бар", - дейт футбол адиси Чынарбек Бейшенбеков.

Азиядагы 42 өлкөнүн өспүрүмдөр тандалма командалары 8 топко бөлүнүп, мыктыларды иргеп алуу таймашуулары өтүүдө. Азия биринчилигинин финалдык беттешүүлөрүнө катыша турган айрым командалары да аныкталып калды. Алар А тобунда Ирактын, В тобунда Сауд Арабиянын жана С тобунда болсо Тажикстандын тандалма командалары финалдык оюндарга жолун ачты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG