Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Кыргыз шахматчылары Кипрде жеңишке жетти. Москвадагы жеке таймаш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз спортчулары 1 алтын, 1 күмүш жана 6 коло байге утуп келди.

Москвада өткөн жекеме-жеке таймаш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз-келиндер жана жигиттер 1 алтын, 1 күмүш жана 6 коло байге утуп келди.

Жеңил салмакта Альбина Мамбетова финалда казакстандык атаандашы Айназ Жайикбаеваны утуп, дүйнө чемпиону аталды. Күмүш медалды Шахриза Халилова тагынды.

Жигиттерден 55 кило салмакта Исабек Жуматаев да үчүнчү орунду ээледи. Командалык эсепте Кыргызстандын кыз-жигиттери үчүнчү орунду камсыз кылды.

Дүйнөлүк таймашка 42 өлкөнүн спортчулары катышты. Кийинки таймашуулар май айында Орусиянын Самара шаарында өтөт.

Акыл таймаштын жеңүүчүлөрү

Кипрде экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун биринчи оюндары жыйынтыкталды. Мында спорттун бир нече түрүнөн Кыргызстан, Казакстан, Ооганстан, Азербайжан, Түркия, Пакистан жана Түндүк Кипрдин өкүлдөрү мөрөй талашты.

Жыйынтыгында шахмат акыл таймашында Асылбек Абдыжапар менен Нариман Жеңишбек уулу баш байгенин ээси болду. Кыз-келиндер командасында Шынгыз кызы Айжаркын менен өлкө чемпиону Нуриса Оторбаева төртүнчү орунга илинди. Бул тууралуу “Азаттыкка” шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов маалымдады.

Футбол ардагерлери Түркияда таанылды

Түркияда футбол ардагерлеринин эл аралык турниринде Канттын “Абдыш-Ата” ардагерлер командасы экинчи орунду камсыз кылды.

Алар финалда Түркиянын “Фенербахчы” командасына 1:0 эсебинде утулуп, күмүш байгелүү болду.

Мында 40 жаштан өйдө курактагы 36 команда мөрөй талашты.

Жеткинчектер Азия чемпионатында

Учурда футболдон Кыргызстандын өспүрүмдөр тандалма командасы Иранда Азия биринчилигинин тандоо мелдешине катышып жатат. Мыктыларды иргеп алуу турнири Мешхед шаарында өтүүдө. Жыйынтыгы 29-апрелде билинет.

Ал эми 14 жашка чейинки жеткинчектер Д тобунда күчтүү атаандаштары: Ирандын, Пакистандын, Индиянын жана Түркмөнстандын командасы менен беттешүүдө.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, биринчи беттешүүдө Түркмөнстандын командасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан болсо, экинчи оюнда Индиянын командасына 4:1 эсебинде утулду. Эми 26-апрелде пакистандык футболчулар менен күч сынашат. 28-апрелде курч таймашуу болору күтүлүүдө. Бул күнү талаа ээлери-ирандык футболчулар менен беттешет.

Учурда Иран алдыңкы орунда турат. Пакистан менен Индиянын командасынын да үчтөн упайы бар. Бир упайы менен кыргызстандык жеткинчектер азырынча төртүнчү катарда, түркмөндөрдөн бир тепкич өйдө турат.

Азиядагы 42 өлкөнүн өспүрүмдөр тандалма командалары 8 топко бөлүнүп, мыктыларды иргеп алуу таймаштары өтүүдө. Азия биринчилигинин финалдык беттешүүлөрүнө катыша турган айрым командалары да аныкталып калды. Алар: А тобунда Ирактын, В тобунда Сауд Арабиянын жана С тобунда болсо Тажикстандын тандалма командалары.

Муз үстүндөгү бий

25-апрелде Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында көркөм муз тебүү боюнча эл аралык турнир башталды. Мында мекен намысын 4 жаштан 18 жашка чейинки курактагы 18 спортчу коргоп жатат.

Азия чемпионатына мыктылар тандалды

Бишкекте жаштар арасында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты аяктады. Жыйырма жашка чейинки балбандардан 56 кило салмактагы Искендер Саламатов айырмаланды. Кыздардан спорт чебери Жаңыл Океева жеңил салмакта жалпы көрсөткүчү 140 кг. оордукту багындырып, чемпиондук наамын сактап калды.

"Ушул чемпионаттын жыйынтыгы боюнча Бишкекте өтө турган Азия биринчилигине катыша турган команда мүчөлөрү тандалды", - деди “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов.

Хоккей ардагерлери мелдешет

26-апрелде Бишкектеги шаардык муз аянтында шайба хоккейи боюнча ардагерлер арасында мелдеш башталат. Муз үстүндөгү таймашка 40 жаштан жогорку курактагы 5 команда катышат. Бир команда Казакстандын Алматы шаарынан келсе, калган 4 команданын курамын Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын ардагерлери түзөт. Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү 30-апрелде аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG