Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Футбол: Улут намысын уландар коргойт


Футболдон Азия биринчилигинде өспүрүмдөр үмүттү актай албады. Эмки үмүт 16 жашка чейинки уландарда.

Футболдон Кыргызстандын өспүрүмдөр тандалма командасы Иранда Азия биринчилигинин тандоо мелдешине катышты. Мыктыларды иргеп алуу турнири Мешхед шаарында 23-апрелде башталып, жыйынтыгы 29-апрелде билинди. Кыргызстандык 14 жашка чейинки жеткинчектер Ирандын, Пакистандын, Индиянын жана Түркмөнстандын командасы менен беттешти. Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, алар төрт оюнда тең ийгилик жарата алышпады.

Биринчи беттешүүдө Түркмөнстандын командасы менен 1:1 эсебинде тең чыкканда үмүт жанган. Экинчи оюнда Индиянын командасына 4:1 эсебинде утулганда күйөрмандар кабатыр болушту.

26-апрелде пакистандык футболчулар менен күч сынашып, аларга да 8:0 эсебинде жеңилип калганда шаабай сууп калды. 28-апрелде курч таймашуу болду. Бул күнү талаа ээлери-ирандык футболчулар менен беттешип, алардан дагы 9:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калышты.

Топтун айырмасы боюнча Иран командасы 9 упай менен алдыңкы орунга чыкты. Бир упайы менен кыргызстандык жеткинчектер төмөнкү бешинчи тепкичте калып, ыза болуп келишти.

- Алар үчүн бул турнир чоң сабак болду. Кувейтте алдын-ала машыгуу да натыйжа бербеди. Бул оюндар кыргыз футболунун деңгээлин аныктады, - дейт эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов.

Уландар ишеничти актаса...

Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда футболдон 16 жаштагы уландар арасында Азия чемпионатына мыктыларды иргеп алуу мелдештери үчүн чүчүкулак кармалып, атаандаштар аныкталды. Бул ирет чемпиондук наам үчүн 43 өлкөнүн тандалма командасы күч сынашат. Ошентип алар 10 топко бөлүнүп, атаандаштары билинди. Азия конфедерациясынын финалдык беттешүүлөрү 2014-жылы Таиланд өлкөсүндө өтөт. Ага 10 топтун жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган командалардан бешөө гана катышат.

- Кыргызстандын уландар командасы F тобунда Оман, Катар жана Бангладеш өлкөлөрүнүн тандалма командалары менен ойномок болду. Беттешүүлөр Бишкек же Ош шаарларынын биринде өткөрүлөт, - дейт федерациянын аткаруучу директору Дастан Конокбаев.

Ал эми федерациянын мурдакы башкы катчысы Нуртазин Жетибаев:

- Бул Азия футбол конфедерациясынын Кыргызстанга болгон ишеними. Уландардын негизги атаандаштары Оман жана Катар өлкөсүнүн командалары болот. Себеби, бул өлкөлөрдө футболго жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, балдарга мыкты шарт түзүлгөн.

Ошентип Ош шаарында 4-октябрда алгач ирет Азия чемпионатынын тандоо мелдештери өткөрүлүшү ыктымал. Эгерде АФК адистери Оштун оюнду өткөрүүгө шарты начар десе, турнир Бишкекте өткөрүлүшү мүмкүн.

Ким менен ким атаандаш?

«А» тобу: Кувейт, Индия, Тажикстан, Ливан жана Бутан.
«В» тобу: Өзбекстан, Йемен, Палестина жана Мальдив аралдары.
«С» тобу: Ирак, Бахрейн, Непал жана Түркмөнстан.
«D» тобу: Сирия, Сауд Арабиясы, Ооганстан жана Иордания,.
«Е» тобу: Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан жана Шри-Ланка.
«F» тобу: Кыргызстан, Оман, Катар жана Бангладеш.
«G» тобу: Австралия, Сингапур, Гонконг, Тайбэй жана Макао.
«Н» тобу: Түштүк Корея, Лаос, Малайзия, Гуам жана Бруней.
«I» тобу: Кытай, Түндүк Корея, Мьянма жана Түндүк Мариана.
«J» тобу: Жапония, Индонезия, Вьетнам жана Филиппиндер өлкөлөрү беттешет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG