Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

"Дордой" Филиппиндер өлкөсүндө


"Дордой" - Азия футбол конфедерациясынын чемпиону, 2007-жыл.
"Дордой" - Азия футбол конфедерациясынын чемпиону, 2007-жыл.

Кыргызстандын “Дордой” футбол клубу АФК президентинин Кубогуна катышуу үчүн Филиппиндер өлкөсүнө барды.

Футболдон канттык кыздар кыйын

Кант шаарында футбол боюнча кыздар арасында өлкө чемпионатынын алгачкы беттешүүлөрү жыйынтыкталды. Мында өлкө аймагынан 6 команда мөөрөй талашты. Кыздар чемпионатынын биринчи айлампасында Канттын “Абдыш-Ата” командасы жеңүүчү деп таанылды, - дейт федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов.


Баскетбол: "Жеңиш кубогун" бишкектиктер жеңди

Улуу Жеңиш күнүнө карата Бишкекте өспүрүмдөр арасында баскетбол боюнча “Жеңиш кубогу” эл аралык турнири да соңуна чыкты. Мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Орусиянын жаш спортчулары катышты. Баш байгени Бишкектин “Гиннес-29” командасы жеңип, бардык атаандаштарын утту. Экинчи орунду Казакстандын тандалма командасы ээледи. Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген “Купчинский Олимп” клубу коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия, спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев билдирди.

Суучулдар сыналууда

Учурда кыргызстандык 14 суучул Темир-Тоо шаарында өтүп жаткан Казакстандын ачык чемпионатына катышууда. Алардын катарында Лондон олимпиадасынын катышуучусу Дарья Таланова, Дмитрий Александров, уландар арасында Азия чемпиону Султан Букеев жана башкалар бар.

Бул Казакстандын ачык биринчилигинде жеңүүчүлөргө июлда Испаниянын Барселона шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо берилет. Ошондуктан мелдеш курч мүнөздө өтүүдө. Суучулдар мелдеши 10-майда жыйынтыкталат.

ФИФАнын футзал сабагы

6-майда Бишкекте Кыргызстандын футзал машыктыруучулары үчүн семинар-кеңешме башталды.

- ФИФАнын адиси, ирандык Хоссейин Шамс 11-майга чейин өлкө аймагынан тандалган 30 машыктыруучуга сабак өтөт, - дейт футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев.

"Дордой" клубу АФК кубогун кайра утабы?

6-майда “Дордой” футбол клубу АФК президентинин кубогуна катышуу үчүн Филиппиндер өлкөсүнө барды. Бул ирет “дордойчулардын” атаандаштары Бутандын чемпиону “Йездин”, Пакистандын КРЛ жана Филиппиндер өлкөсүнүн чемпиону “Глобал” командалары болмокчу. Мыктыларды тандоо мелдештери 8-майдан 12-майга чейин Манилада өтөт.

“Дордой” футбол командасынын капитаны Руслан Сыдыковдун айтымында, даярдык жакшы, быйыл баш байге үчүн аракет кылышат.

"Дордой" футбол клубунун вице-президенти Улукбек Салымбеков "быйылкы максат АФК президентинин кубогун утуп, келээрки жылы Азия кубогуна талапкер болуу", - дейт.

Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна сегизинчи жолу удаасы менен катышкан бирден бир команда болуп саналат.

"Дордой" командасы 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон.

Олимпиада чемпиону Мария Кулчунова - ардактуу мейман

Бишкекте жеңил атлетика боюнча мелдеш аяктады. Мында төрт жүздөн ашуун спортчу мөөрөй талашты.

- Мелдештин ардактуу мейманы катары Сеул олимпиадасынын чемпиону Мария Кулчунова Якутиядан атайын чакырылды, - дейт федерация президенти Канат Аманкулов.

Мелдештин жүрүшүндө Орусиядан келген меймандар Якутиянын улуттук секирүү оюндарын кыргызстандыктарга көрсөтүп, бет ачаарын уюштурду. 1988-жылы Сеул шаарында өткөн олимпиадада Мария Кулчунова 400 метрге эстафеталык жарыштарда олимпиада чемпиону болгон. Ошондуктан Бишкекте өткөн мелдеште 400 метрге жарыштарда жеңген жөө күлүктөргө олимпиада чемпиону өз атынан атайын байгелерди тапшырды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG