Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Эшимкановдун кубогун “Азаттык” алды


"Азаттыктын" футбол командасы
"Азаттыктын" футбол командасы

Мелис Эшимкановдун элесине арналган футбол боюнча мелдеште “Азаттык” экинчи ирет баш байгени алды.

Мелис Эшимкановдун элесине арналган футбол боюнча мелдеште “Азаттык” радиосунун командасы экинчи ирет баш байгенин ээси болду. Мелдешке катышкан 13 командадан иргелип отуруп, финалда “Азаттык” менен НБТ командалары беттешти. Жыйынтыгында 2:1 эсебинде “Азаттык” жеңди. Үчүнчү орунду “Акипресс”, төртүнчүнү ЭлТР командасы алды. Командаларга Мелис Эшимканов атындагы фонд акчалай сыйлыктарды жана мыкты оюнчуларга белектерди тапшырды.

Мыкты оюнчулардын катарында “Азаттыктын” кабарчысы Толкун Умуралиев да сыйланды. Ошондой эле “Азаттык” командасынын дарбазачысы Заирбек Бактыбаев да мыкты оюну менен ийгиликке салым кошту. Мелдеште “мыкты оюнчу” деген сыйлык алган НБТ кабарчысы Нурбек Калмамбетов оюн абдан кызыктуу болгонун белгиледи.

Турнирде “мыкты дарбазачы” деген сыйлыкка ээ болгон КТРК командасынын капитаны Кубан Атабеков бул ирет күчтүү атаандаштарга туш болуп, финалга чыкпай калганын айтты.

“Мыкты коргоочу” деген сыйлык ЭлТР командасынын оюнчусу Бекзат Машраповго ыйгарылды. Турнирде “мыкты чабуулчу” деген наамга Коомдук телерадио корпорациясы” командасынын оюнчусу Кадыр Султаналиев татыктуу болду.

Мелдеш абдан курч мүнөздө өткөнүн Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Асел Эшимканова белгилеп, маркум жубайы да футболдун күйөрманы болгонун эскерди.

ЭлТР командасынын капитаны Эмил Чекировдун пикиринде, журналисттер арасындагы мелдеш курч мүнөздө өттү.

- Журналисттердин тандалма командасын түзүп, футбол боюнча өлкөнүн Биринчи лигасында ойносок болчудай. Себеби ар кандай турнирлерге катышып, жигиттер такшалды,- дейт Эмил Чекиров.

Кичи футбол мелдеши журналист, коомдук ишмер, маркум Мелис Эшимкановдун 51 жылдыгына арналып, бул инсандын атын алып жүргөн фонд тарабынан уюштурулганын маркумдун жесири Асел Эшимканова белгилеп, быйыл күзүндө шахмат, бильярд боюнча да мелдештерди өткөрүүнү максат кылып жатышканын айтты.

Мындан сырткары мелдештин демөөрчүлөрү да айрым командаларга жана оюнчуларга атайын баалуу сыйлыктарын тартуулады.

Журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимкановду эскерүү үчүн ММКлар арасында уюштурулган футбол мелдешине 13 команда катышты. Былтыр да "Азаттык" радиосунун командасы баш байгенин ээси болгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG