Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Кыргызстандык Шевченко Перуда жеңишке жетти


Антонина Шевченко. Сүрөт ktrk.kg сайтынан алынды
Антонина Шевченко. Сүрөт ktrk.kg сайтынан алынды

Кыргызстандык тай боксчу, дүйнөнүн көп жолку чемпиону Антонина Шевченко тапанчадан ок атуу боюнча Перуда өткөн эл аралык турнирдин баш байгесин жеңип алды.

Футбол: өлкө кубогуна талапкерлер

24-июлда футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун жарым финалына чыккан командалар аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов кабарлады.

- Футбол күйөрмандары болжогондой, жарым финалга "Дордой" (Бишкек), "Абдыш-Ата" (Кант), "Алга" (Бишкек) жана "Алай" (Ош) командалары чыкты.

Былтыр да өлкө кубогун уткан бишкектик “Дордой” клубу чейрек финалда Канттын “Наше пиво” командасын 4:1 эсебинде утуп чыкты. Эми "дордойчулар" жарым финалда негизги атаандаштарынын бири Канттын “Абдыш-Ата” командасы менен беттешет. Экинчи жарым финалда Бишкектин “Алга” жана Оштун “Алай” командалары беттешет.

Жарым финалдын алгачкы оюндары 18-августта, 25-августта жооп кайтаруу оюну өтөт. Аларды өткөрүү жери ойногон командалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда чүчү кулак менен аныкталат. Финалдык оюн салттуу түрдө 31-августта - Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтөт.

Финалда чүйлүк жана оштук жеткинчектер

Кызыл-Кыяда футболдон жеткинчектер арасында “Келечек” кубогу өтүүдө. Мында 11-12 жаштагы жеткинчектерден 7 облустун жана Бишкек шаарынын 8 командасы мөрөй талашып жатат.

Эки топко бөлүнгөн командалардан оштук жана жалалабаддык жеткинчектер баш байгеге талапкер болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” мелдештин башкы калысы Эргеш Сапаев маалымдады.

Тай боксчу Антонина Шевченко - көзгө атаар мерген

Кыргызстандык тай боксчу, дүйнөнүн көп жолку чемпиону Антонина Шевченко тапанчадан ок атуу боюнча Перуда өткөн эл аралык турнирдин баш байгесин жеңип алды.

Лима шаарында өткөн Pantera Arms кубогуна тапанча атуу боюнча Антонина Шевченко да катышкан. Жыйынтыгында ал биринчи орунду утуп, адистердин көңүлүн бурду.

Эже-сиңди Шевченко 5 жылдан бери тай бокстон сырткары ок атуу спорту менен да машыгып жүрөт.

"Быйыл Перунун ок атуу боюнча чемпионатында Валентина Шевченко коло байге утса, Антонина бешинчи орунду ээлеген", - дейт федерациянын президенти Елена Белова.

Тай бокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиондору Антонина жана Валентина Шевченко учурда Түштүк Американын Перуда машыгып жүрөт. Аларды өлкөгө эмгек сиңирген устат Павел Федотов машыктырууда.

Манас Султановго Монголиянын ордени

23-июлда өлкөнүн ат спорт федерациясынын вице-президенти Манас Султанов Монголиядан кайтып келди. Ал монголдордун “Наадам” улуттук ат спорт майрамына ардактуу мейман катары чакырылган. Эки элдин достук, кызматташуусуна жана ат спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Манас Султанов Монголиянын жогорку спорт ордени менен сыйланды.

"Учурда Монголиянын экономикасы өнүгүп, спортко, элдин ден соолугуна көңүл бурулуп жатат. Улан-Батордон 25 чакырымдагы алыста 100 гектар аянтка ат спорт борборун куруп жатышат. Бул ири курулуш, ат спортуна мени кеңешчи кылып алышкан", - дейт Манас Султанов.

Астанадагы теннис таймашы

Учурда Астана шаарында теннис боюнча Казакстандын президентинин кубогу өтүүдө.

Мында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Ксения Палкина алгачкы беттешүүдө англиялык Лиза Вайборнду 2:1 эсебинде утуп, кийинки таймашка жолун ачты.

Турнир 28-июлда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG