Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

Монголияда өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия чемпионатына кыргызстандык жаш балбандар командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

27-июлда Монголиядан спорт күйөрмандарын кубандырган кабар келди. Улан-Батордо өтүп жаткан Азия чемпионатынын экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары дагы 1 алтын, 2 коло медаль утуп алды.

Бул күнкү таймаштарда 76 кило салмакта Абдулазиз Ашымбековго теңдеш атаандаштар болбоду. Ал бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Ошондой эле 85 кило салмакта Узур Жусупбеков менен оор салмакта Нурсултан Макмудов коло байгелүү болду.

Ошентип Монголиядагы Азия чемпионатына 10 салмак боюнча катышкан кыргызстандык 10 балбандын баары байгелүү орунду ээлеп, командалык эсепте биринчи орунду камсыз кылышты. Алар бул Азия таймашында 3 алтын, 7 коло байгелүү болду. Мелдештин биринчи күнүндө эле 2 алтын, 5 коло байге утуп алган. Казакстандык жаш балбандар 2 алтын, 4 күмүш жана 1 коло байгеси менен командалык экинчи орунду камсыз кылды. Күрөштүн ордосу аталган Иран бул ирет үчүнчү орунга жылып калды.

Жаш балбандар үчүнчү ирет командалык биринчи орунду ээлеп, чоң ийгилик жаратканын “Азаттыкка” федерация президенти Арзыбек Кожошев белгиледи.
58 кило салмакта Нурсултан Ташболотов, 63 кило салмакта Рустам Рахматулаев жана 76 кило салмакта Абдулазиз Ашымбеков бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиондору аталды.

Жеңил салмактарда Азат Төлөнбай уулу, Адилет Таалайбеков, 50 килодо Тынарбек Шаршанбеков, 54 кило салмакта Тынчтыкбек Абдыкеев, 69 кило салмакта Болотмырза Асанбеков, 85 кило салмакта Узур Жусупбеков менен оор салмакта Нурсултан Макмудов Азия чемпионатында коло байгелүү болду.

2011-жылы Тайландда өткөн Азия чемпионатында да кыргыз балбандары командалык эсепте биринчи орунду ээлеген. Ал эми 2012-жылы Бишкекте өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында кыргыз балбандары 8 медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду экинчи жолу камсыз кылган. Анда 2 алтын, 4 күмүш жана 2 коло байге болгон.

Монголиядагы жаштардын Азия чемпионатында кыздардын эркин күрөш таймаштарында 40 кило салмакта Динура Сулайманова жарым финалда монголиялык Чимгее Буйандалайды жеңип алды. Ал Азия чемпиондугу үчүн финалдык таймашта казакстандык Светлана Анкичеваны 4:3 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Динура Сулайманова былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми 38 кило Канайым Бургхан кызы да коло байгелүү болду. Былтыр Бишкекте Азия чемпиону болгон Юлия Филистееванын бул ирет жолу болбоду. Ал алгач индиялык атаандашын утканы менен, монгол балбан кызга алдырып койду.

Кыргыз кыздары эркин күрөшкө кызыгып, Айсулуу Тыныбековадай олимпиадалык оюндарга катышууга дилгир экенин федерация президенти Асейин Төрөгелдиев белгиледи.

27-28-июлда Улан-Батордогу Азия чемпионатында эркин күрөштөн өлкө намысын 10 балбан коргойт. Алардын катарында 54 кило салмакта уландар арасында Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков, 69 кило салмакта Нарбек Изабеков жана 85 кг. салмакта Бексултан Султаналиев жана башкалар бар, - дейт федерациянын президенти Мелис Турганбаев.

Ошентип Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионаты 28-июлда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG