Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Кубок үчүн мелдеш алдыда


"Дордой" командасы 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон.

"Дордой" командасы 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон.

Малайзияда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалык беттешүүлөрүндөгү “Дордой” клубунун атаандаштары аныкталды.

Жазында АФК президентинин кубогунун мыктыларды иргеп алуу беттешүүлөрүндө 12 команда күч сынашкан. Эми финалдык оюндарда иргелген 6 команда күч сынашат. 31-июлда Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда чүчүкулак кармалып, атаандаштары аныкталды.

А тобунда Непалдын “Три Старз”, Монголиянын “Эрчим” жана Түркмөнстандын “Балкан” командалары мөрөй талашат. В тобунда Кыргызстандын 8 жолку чемпиону “Дордой” клубунун атаандаштары Палестинанын “Хилал Ал-Кудс" жана Пакистандын “КРЛ” командалары болду.

Май айында Филлипиндерде өткөн мыктыларды иргеп алуу мелдешинде “дордойчулар” Пакистандын чемпиону “КРЛ” командасы менен алгачкы оюнда 1:1 эсебинде тең чыккан. Себу шаарында май айында АФК президентинин кубогунун мыктыларды тандоо мелдештеринде атаандаштарын уткан “Дордой” футбол клубу финалдык оюндарга жолун ачкан. Мында “дордойчулар” Филлиппиндер жана Бутан өлкөлөрүнүн чемпиондорун уткан.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, “Дордой” клубу финалдык топто күчтүү атаандаштары Палестина жана Пакистандын командаларын утуп, баш байгеге талапкердин бири болот.

- "Дордой” футбол клубунун быйылкы негизги максаты - АФК президентинин кубогун утуп, келээрки жылы Азия кубогуна талапкер болуу.

“Дордой” командасынын капитаны Руслан Сыдыков учурда алар эс алып жатканын айтып, быйыл баш байгени утуп алууга аракет кылышаарын “Азаттыкка” билдирди.

ЭлТР компаниясынын баяндамачысы Мирлан Бекболотовдун пикиринде, бул ирет “Дордой” клубу өз тобунда лидер болуп, баш байгени утуп алышы мүмкүн.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, “Дордой” клубу бул ирет күчтүү атаандаштарын утуп алышы күмөн.

- Бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде жаңы уюшулган атаандаштарынан утуп, алдыга чыкпай калуу чынында эле уят иш болот. Быйылкы атаандаштарынын деле деңгээли төмөн экен. Тилекке каршы "Дордой" командасы 2010-жылы финалда атаандашы мьянмалык футболчуларга утулуп калган. Ал эми былтыр иргеп алуу мелдештеринде эле утулуп, финалдык топко кирбей калган. Бутан менен Филиппиндерди утканын чоң жеңиш деп айтууга болбойт. Палестина менен Пакистан оңой “жоо” эмес.

Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогуна сегизинчи жолу удаасы менен катышкан бирден бир команда болуп саналат.

"Дордой" командасы 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон. Ошондой эле “дордойчулар” төрт ирет финалда утулуп, 2005, 2008, 2009-2010-жылдары экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

Биринчи орунду ээлеген командага 50 миң доллар жана күмүш кубок сыйлык катары тапшырылып келатат.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык оюндары быйыл 23-сентябрдан 29-сентябрга чейин өтөт. Бирок кайсы өлкөдө болоору али тактала элек.

“Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков финалдык беттешүүлөрдү Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрүп жатат. Бул сунушту АФК колдойбу же жокпу - азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG