Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Болгарияда Айсулуу коло байге утту


Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Болгарияда өтүп жаткан жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова коло медалга татыды.

Учурда Болгарияда жаштар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. 15-августта килем үстүндө кыздар эркин күрөш боюнча күч сынашты. 59 кило салмакта өлкө намысын жаштар арасында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова коргоп, биринчи атаандашы канадалык Брекстон Рей Стоунга 4:3 эсебинде бир упай айырма менен утулуп калды. Эгерде канадалык балбан кыз финалга чыкса гана Айсулууга коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылмак. Чейрек финалда Рей Стоун орусиялык Анжела Фоменкону утуп, жарым финалга чыкты. Ал финалга чыгуу үчүн германиялык Луиса Хельд Герда Неймеч менен күрөшүп, баш байгеге талапкердин бири болду.

Ошентип Брекстон Рей Стоун финалга чыккандыктан Айсулуу Тыныбековага коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылды. Орусиялык Анжела Фоменкону Айсулуу утуп, үчүнчү орун үчүн германиялык Луиса Хельд Неймеч менен күрөштү. Жыйынтыгында Айсулуу атаандашын утуп, Кыргызстандын тарыхында алгач ирет кыздардан дүйнө чемпионатынын коло медалын жеңип алды.

Кытайда Азия оюндары башталат

16-августта Кытайдын Нанкин шаарында жаштар арасында Азия оюндары башталат. Мында Азиядагы 45 өлкөнүн жаш спортчулары күч сынашмакчы. Экинчи ирет өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 6 түрү боюнча 14 спортчу коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султанбаев билдирди.

-14 спортчу дзюдо, ок атуу, таэквондо-WTF, сууда сүзүү, оор жана жеңил атлетика боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшмөкчү.

Спортчуларды 5 машыктыруучу коштоп барды. Алар: Элдияр Шатманов, Александр Заваринский, Людмила Нечипуренко, Савурджан Аматов жана Ли Сын Гю.

16-августта кечинде Нанкинде жаштардын экинчи Азия оюндарынын ачылыш салтанаты болот. Мында Кыргыз туусун оор атлетчи Курсант Төлгөнов көтөрүп, команданы баштап чыгат. Экинчи Азия оюндары 26-августта жыйынтыкталат.

Футболчу кыздардын дүбүртү

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы көчө футболу боюнча (туруктуу турак-жайы жоктор арасында) дүйнө чемпионатында адистердин көңүлүн буруп жатат. Польшаны, Англияны уткан кыргызстандык кыз-келиндер командасы 14-августта Болгариянын футболчу кыздары менен негизги убакытта 4:4 эсебинде тең чыгып, оюндун тагдыры жекеме-жеке топ тебүү менен чечилди.

Жыйынтыгында кыргызстандык кыздар бир топту жаза тээп, жеңиш болгариялыктарга ооп кетти. Кийинки беттешүү Кыргызстан менен Швеция кыз-келиндер командалары ортосунда болду. Мында 10:0 эсебинде кыргызстандык футболчу кыздар шведдерди жайдак кылып, жеңип алды. Бул тууралуу федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев маалымдады.

Кыргызстан биринчи оюнда Польша менен беттешип, аны 8:3 эсеби менен жеңип алган. Тилекке каршы, экинчи беттешүүдө мексикалыктарга 15:3 эсебинде утулуп калган. Бирок үчүнчү оюнда футболдун мекени аталган Англиянын кыз-келиндер командасын 13:2 эсебинде утуп алган эле. Көчө футболдон дүйнө чемпионаты Польшанын Познань шаарында өткөрүлүп жатат.

Боксчулар Чеченстанда

15-августта Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы орусиялыктар менен бирге машыгуу өткөрүү жана эл аралык турнирге катышуу үчүн Грозныйга жөнөп кетти. Алардын катарында жакында эле Азия чемпиону болгон Азат Үсөналиев жана башкалар бар. Бул тууралуу "Азаттыкка” улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди.

Кыргызстандык мушкерлер Чеченстандын борборунда 2 жума болушат. Алар машыгуу менен бирге Чеченстандын биринчи президенти Кадыровду эскерген эл аралык турнирге да катышмакчы. Аталган мелдешке 23 мамлекеттин өкүлдөрү чакырылган. Бул машыгуулар октябрда Алматыда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдыктын бир этабы болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG