Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

27-августта Бразилияда дзюдо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты уланды. Бишкекте көкбөрү боюнча мелдеш өтүүдө.

27-августта Бразилиянын борбору Рио-де-Жанейро шаарында дзюдо күрөшүнөн дүйнө чемпионаты уланды. Бул дүйнө чемпионатына 123 өлкөнүн 700дөй тандалган балбаны катышууда. Каражаттын тартыштыгынан жана жолдун алыстыгынан улам Бразилиядагы дүйнө таймашына Кыргызстандан 5 балбан гана катышууда. Бул ирет кыз-келиндерден бир да спортчу барган жок.
Бул тууралуу “Азаттыкка” дзюдо федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов кабарлады.

- Бразилиядагы дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында өлкө намысын Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Чыңгыз Мамедов, Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий коргоп жатат. Аларга башкы устат Абдыразак Шаршенов менен улук устат Сергей Мистрюков кеп-кеңештерин айтып жүрөт.

27-августта 66 кило салмакта Ислам Баялиновдун алгачкы атаандашы камерундук Усман Адаму болду. Таймашуулар Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8де башталат.

28-августта 73 кило салмакта өлкө намысын коргогон Азат Кубакаев биринчи беттешүүсүн исландиялык Давид Кратч менен өткөрөт. 30-августта 90 кило салмакта Лондон олимпиадасынын катышуучусу Чыңгыз Мамедов дүйнө чемпионатындагы таймашуусун кувейттик Ганам Алдикан менен баштайт.

31-августта 100 кило салмакта жаштар арасында Азия чемпиону, жаштардын биринчи олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов латвиялык же кубалык балбан менен күч сынашмакчы.

Чемпионаттын акыркы күнү, 1-сентябрда оор салмакта күйөрмандардын үмүтүн жандырган Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Юрий Краковецкийдин татамидеги биринчи атаандашы литвалык Мариус Пашкевичус болмокчу.

"Кыргызстандык беш жигиттен Чыңгыз Мамедов, Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий байгелүү орундарга талапкер болушу мүмкүн", - дейт Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын алгачкы күнүндө кыз-келиндерден 48 кило салмакта монголиялык Урантсетсег Мунхабат алтын медал тагынып, дүйнө чемпиону аталды. Ал финалда жапон Харуна Асамини утуп алды.

60 кило салмактагы жигиттердин таймашында жапон балбаны Наохиса Такато финалда монгол балбаны Амартувшина Дашдава утуп, дүйнө чемпиону аталды.
Кыргызстандын тандалма командасын өлкөнүн дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов баштап барды.

Бразилиядагы дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты 26-августтан 1-сентябрга чейин өтмөкчү.

Көкбөрү таймаштары

27-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү боюнча өлкө президентинин кубогуна арналган мелдеш уланды. Мында өлкө аймагынан тандалган 11 команда 3 күндөн бери күч сынашып, мыктылары иргелип, жарым финалда ойноочу командалар аныкталды. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.

Жарым финалга "Талас", "Суусамыр", "Кожомкул" жана "Бөрүлү" командалары чыкты. 28-августта 5-8-орундар үчүн таймашуу болот. Жарым финалдык беттешүүлөр 29-августта өткөрүлөт. Баш байге үчүн күч сынашуулар 31-августта Эгемендик күнү болмокчу.

Кыздар футболунун "Үмүт кубогу"

27-августта Бишкекте 19 жашка чейинки кыздар арасында футболдон “Үмүт кубогу” турнири жыйынтыкталганы турат. Буга Ооганстан, Казакстан жана Кыргызстандан 4 команда катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын кызматкери Канат Асенов кабарлады.

- Футболго кызыккан кыздардын катары дагы арбып баратат. Мурда топ тепкенди уят көргөн кыздар жигиттерден кем калбай өлкө намысын коргой баштады. Балким, Азия аймагына таанылып, байгелүү орундарды ээлеп калышы да толук ыктымал. Бул ирет да кыздар “Үмүт” кубогун утуп, үмүт жандырды.

27-августта алматылык кыздар Кыргызстандын экинчи командасын утуп алды. Учурда баш байге үчүн Кыргызстан-1 жана Ооганстан командалары беттешүүдө. Кыргызстандык кыздар артыкчылык менен утуп жатышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG