Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Бул күндөрү Шри-Ланкада өтүп жаткан шахмат боюнча Азия биринчилигинде Элдияр Орозбаев алдыда баратат.

Бул күндөрү Шри-Ланканын Хиккадуве шаарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мында 14 өлкөнүн төрт жүздөй жаш шахматчысы акыл таймашына катышууда.

Тез ойнолгон шахмат боюнча 15 жаштагы кыргызстандык Артур Жакыпов беш оюнда төртөөнү утуп, Азия чемпиону аталды. Жети жаштагы Элдияр Орозбаев менен тогуз жаштагы Азалия Мирлан кызы коло байгеге бир кадам жетпей, төртүнчү болуп калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов маалымдады.

Классикалык шахмат таймаштарында өлкө намысын жаш курактарына жараша 12 мектеп окуучусу коргоп жатат. Шахмат боюнча Азия биринчилигинде алты тур оюнда жеңишке жеткен кыргызстандык 7 жаштагы Элдияр Орозбаев 6 упай топтоп мелдештин тизмегинде көч баштап келүүдө. 11 жаштагы Дария Ли жана 9 жаштагы Азалия Мирлан кызы да алдыңкы орундада келүүдө.

12 жаш шахматчыны таанымал машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева даярдап, кеп-кеңешин айтып, Шри-Ланкада жетектеп жүрөт. Шри-Ланкадагы Азия акыл таймашы 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Билеги күчтүү дүйнө чемпиону болот

5-сентябрда Польшанын Гдыня шаарында кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты улантылат. Мында өлкө намысын 9 спортчу коргоп жатат. Алардын катарында кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону Ольга Ярославцева, Азия чемпиондору Александр Ли, Бактияр Кубанычбек уулу мыктылар сабында келүүдө.

Командага армрестлинг федерациянын президенти, Азия чемпиону Жээнбек Мукамбетов баш болуп, өзү да ардагерлер арасындагы мелдешке катышып жатат.

Польшадагы кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 7-сентябрда жыйынтыкталат.

Тажикстанда таанылган мушкерлер

Кыргызстандык мушкер Мирлан Түркбай уулу Тажикстанда Исмаил Хамзаалиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн эл аралык мелдеште баш байгени жеңип келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” бокс федерациясынын президенти Абдубакыт Халмурзаев билдирди.

Мелдеш Тажикстандын Хожент шаарында өтүп, ага Кыргызстандан 20 спортчу катышкан. Алардан 4 спортчу финалга чейин жетип, баш байгеге талапкер болду.

49 кг салмакта Мирлан Түркбай уулу калыстардын чечими менен тажикстандык Хусниддин Гафуровду утуп, биринчи орунду ээледи. Кыргызстандык мушкерлер Мирбек Шеров (56 кг), Олжобай Кудайберди (81 кг) жана Талгат Турдиев (91 кг) финалда атаандаштарына аз упай менен утулушуп, күмүш байгелүү болушту.

Шериктештердин таймашуулары

5-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында дзюдо күрөшүнөн Шериктеш өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн биринчилиги улантылат. Анда Кыргызстандын намысын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубунун өкүлдөрү коргоп жатышат. Аскер спортчуларын Коргоо министрлигинин дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Исакулов баштап барды.

5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында эл аралык Ысык-Көл оюндары улантылат. Аталган иш-чара "Азия - байланыш жана тынчтыктын аймагы" деген ураан менен уюштурулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” оюндардын башкы калысы Канат Арпачиев билдирди.

- Ысык-Көл оюндарынын жадыбалында спорттун 18 түрү бар. Алар: волейбол, кум үстүндө волейбол, кум үстүндө күрөш, гиря спорту, жеңил атлетика, кичи-футбол, үстөл тенниси, теннис, сууда сүзүү, пауэрлифтинг, аркан тартуу, кол күрөш, стритбол, кум үстүндө футбол, дартс, "Ысык-Көл баатыры" жана "Ысык-Көлдүн чүрөгү" сынактары болот. Быйыл жамбы атмай, оодарыш жана кум үстүндөгү күрөш жаңы кошулду.

Спорттун 18 түрү боюнча мелдештерге жети облустун жана 5 чет өлкөлүк командалар катышууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG