Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында


19-сентябрда Венгрияда эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында дүйнө чемпионатынын таймаштарына Айсулуу Тыныбекова катышууда.

Жеңил салмакта жапондук Эри Тосака дүйнө чемпиону аталды. 51 кило салмактын баш байгесин кытайлык Юнан Сун жеңип алды.

Аталган дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдешке Айсулуу Тыныбекова жалгыз катышууда. Айсулуунун алгачкы атандашы венесуэлалык Каралина Энрикез Эрнандез болмокчу.

"Жакында эле Азия чемпионатында ийгилик жараткан Айсулуу Тыныбекова байгелүү орундарга талапкер болушу ыктымал. Анын келечеги кең", - дейт эркин күрөштөн дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа, СССР чемпиону Кенжебек Өмүралиев.

Дүйнө чемпиондугу үчүн грек-рим күрөшү боюнча таймашуулар 20-сентябрда Будапештте башталат. Анда Кыргызстандын намысын Азия чемпиондору Каныбек Жолчубеков, Арсен Эралиев, Руслан Түмөнбаев баштаган жигиттер коргойт.

"Бул ирет дүйнө чемпонатына Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөнов катышкан жок. Будапешттеги дүйнө чемпионатында былтыртан баштап башкы машыктыруучу болгон Канатбек Бегалиевдин устаттык дарамети да сыналат", - дейт грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Кулболду Исаев.

Дүйнө чемпиондугу үчүн таймашуулар 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Сагынбаев менен Ратбеков алдыңкы сапта

19-сентябрда Орусиянын Якутск шаарында бильярддын эркин пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты улантылды. Мында 17 өлкөнүн эки жүздөй спортчусу мөрөй талашууда. Кыз-келиндерден Гүлзина Касымова менен Наталья Иванова ийгилик жарата албады.

Эр-азаматтардан өлкө намысын 9 спортчу коргоп жатат. Алардан дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев менен өлкө чемпиону Ызатбек Ратбеков гана таймаштарды улантып жатат. Жети жигит жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бильярд спорт чебери Ильяс Адамов маалымдады.

Алматыдагы Евразия оюндары

Кыргызстандык спортчулар Алматыда өтүп жаткан өспүрүмдөрдүн Евразия оюндарында ийгиликтерди жаратууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев Алматыдан билдирди.

Кыргызстандын намысын 100гө жакын жаш спортчу коргоп жатат. Евразия оюндарында спорттун 14 түрү боюнча 232 байге ойнотулуп жатат. Аталган оюндар Алматы шаарында 20-сентябрда жыйынтыкталат. Биринчи оюндар 2007-жылы Беларуста, экинчиси Орусиянын Казан шаарында өткөн.

Түркиядагы дүйнөлүк акыл таймашы

Бул күндөрү Түркиянын Кожаэли шаарында жаштар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында кыргызстандык Жохар Жанбай уулу үч оюнду утуп, алдыңкылар сабында баратат. Айжаркын Шынгыз кызы менен Айжан Алымбай кызы жоон ортодо келатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов маалымдады.

Түркиядагы жаштар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты 27-сентябрда жыйынтыкталат.
XS
SM
MD
LG