Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:26

26-сентябрда Польшадан алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан кыргыз балбандары 10 медал утуп, командалык биринчи орунду алып келди.

Алыш боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы командалык эсеп боюнча биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Кыргызстандын курамасы 5 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медал уткан. Алыш күрөшүнөн дүйнө чемпионатынын алтын медалын Чыңгыз Турдуев, Мырзабек Кочкоров, Кубаныч Макешов, Канимет Барпыбеков жана Нурбек Аканов жеңип алган.

Кыз-келиндер арасындагы беттешке Кыргызстандан 3 балбан барган. Нагира Сарбашова экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

Алыш боюнча 12-дүйнөлүк чемпионат 21-22-сентябрь күндөрү Польшанын Белосток шаарында өткөн.

Алмамбет Анапияев-кайрадан президент болду

Алыш эл аралык федерациясынын президенти болуп кайрадан Алманбет Анапияев шайланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” алыш боюнча башкы машыктыруучу Кабыл Бөрүбаев кабарлады.

Польшанын Белосток шаарында алыш күрөшү боюнча өтө турган дүйнө чемпионаттын алдында, 32 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен эл аралык федерациянын жыйыны өткөн. Анда Алмамбет Анапияевден тышкары эл аралык федерациясынын президенттигине Куба, Индия, Түштүк Африка Республикасы жана Латын Америка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Добуш берүүнүн натыйжасында 32 добуштун ичинен 24 добуш Анапияевге берилип, ал кайрадан дүйнөлүк “Алыш” федерациясынын президенттик кызматына төрт жылга дайындалды. Бирок Анапияев бул жыйынга өзү катышпай, анын ишенимдүү адамы катышкан.

Алмамбет Анапияев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары издөөгө алынып, чет өлкөлөрдө изин жабырып качып жүргөндөрүн бири.

Казактар Кытайда Азия чемпионатын өткөрдү

Кытайда казак күрөшү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында 12 өлкөнүн балбандары мөрөй талашты. Өлкө намысын 4 балбан коргоду. Жыйынтыгында 70 кило салмакта Мирлан Эралиев финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду.

90 кило салмакта быйылкы Универсиада оюндарынын чемпиону Нурбек Кожобеков бул ирет коло медал тагынды.

Бакыт Керимбековдун Азиядагы күмүш байгеси

26-сентябрда Монголиянын борбору Улан-Батордо чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча Азия чемпионатында Бакыт Керимбеков экинчи орунду ээледи. Ал 93 кило салмакта күч сынашып, 230 кило оордукту багындырды.

Жапондук Китагава Такешиге гана утулду.

"Дордой" жайдак келатат

25-сентябрда Малайзиянын Малакка шаарында Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрү өттү. Мында 6 команда финалдык оюндарга катышууда.

Бишкектин “Дордой” футбол клубу Палестинанын чемпиону “Ал-Кудс Хилал Клаб" командасы менен ойноп, 3:2 эсебинде жеңилип калды. Бул оюн тууралуу “Азаттыкка” “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков айтып берди.

Биринчи беттешүүдө дагы Пакистандын чемпиону “КРЛ” командасы менен ойноп, 1:0 эсебинде утулган. Эки оюнда тең утулган “дордойчулар” байгелүү орундарга илинбей 26-сентябрда мекенине кайтып келатат.

Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна сегизинчи жолу удаасы менен катышкан бирден бир команда болуп саналат. Алар эки ирет баш байгенин ээси болгон.

Мыктылар Алматыда атаандашат

Кыргызстандык дюздо чеберлери Алматы шаарында өтө турган Гран-при эл аралык мелдешине аттанып жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын аткаруучу директору Эркин Кадыракунов маалымдады. 7 салмак боюнча 14 жигит жана 14 кыз балбан Алматыдагы таймаштарга катышат. Алардын катарында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов, Азат Кубакаев жана башкалар бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG