Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Ара жолдо калган кикбоксчулар чыры


Бразилияда өткөн кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатына кыргызстандык 15 жигит ара жолдо калып, федерация жетекчилеринин күнөөсү менен катышпай калды.

Ушул жылдын 1-октябрынан 7-октябрына чейин Бразилиянын Сан-Пауло шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Кыргызстандын 15 спортчусу бул дүйнөлүк таймашка катышпай калды. Буга ким күнөөлүү экени бүдөмүк.

Спортчулар федерация жетекчилигин айыптаса, алар түркиялык жаран алдап кеткенин шылтоо кылууда. Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев мындай дейт:

- Жоопкерчиликтин жоктугунан табында турган жигиттер дүйнө чемпионатына катышпай, байгелүү орундардан кур калышты. Биз жол кире үчүн каражатты Александр Воиновдун башкы катчысына бергенбиз. Алар болсо Талант Сүйүнбаевге бергенбиз дешүүдө. Ал билет алыш үчүн акчаны Түркиянын жаранына бергем дейт. Бири-бирине шылтап жатышат. Балдар бул дүйнө чемпионатына 2 жыл талбай даярдык көрүп, байгелүү орундарды жеңип келүүгө абдан ынтызар эле. Айрымдары үйүн, автоунаасын сатып, кээ бири ар кимден карыз алышкан.

Ал эми эл аралык спорт чебери Акылбек Үсөнов бул чемпионатка 2 жыл бою катуу даярданганын, ага баруу үчүн каражатты дос-туугандарынан чогултканын айтты. Мелдешке жетпей ара жолдо калганга ызаланган Акылбек "күнөөлүүлөр жазаланса" дейт.

Ал эми машыктыруучу Талант Сүйүнбаев болсо Бразилиядагы дүйнө чемпионатына кыргыз спортчулары түркиялык жаран Насырдын көз боёмочулугунун айынан катышпай калганын моюнга алып, өзү эч жакка качып кетпестигин билдирди.

Анын айтымында, Бразилияга арзан авиабилет таап берем дегендиктен, мурда бирге ишкерлик кылып жүргөн шериги түркиялык Насырга ишенип, жол кире үчүн каражатты ага берген. Акчаны жымырып алган жаранды азыр Түркия полициясы издеп жатканын Талант Сүйүнбаев “Азаттыкка” айтып берди.

Ушундай жаңжалдан кийин окуянын чоо-жайын аныктабай коомчулукка жарыялап жиберген айрым маалымат каражаттарын сотко берерин федерация президенти Александр Воинов “Азаттыкка” билдирип, эч кандай көз боёмочулук кылбаганын айтты.

- Мен деле башкалардай жабыр тарттым. 5 спортчу үчүн каражатты төлөп, мен дагы алдандым. Көптөн бери бирге иштеген, уулу да дүйнө чемпионатына бараткан машыктыруучу Талант Сүйүнбаевге ишенген элем. 20 жылдан берки мээнетимди айрым маалымат каражаттары жокко чыгарып, алдамчы дегендерине жол болсун! Ондогон дүйнө чемпиондорун даярдап, Кыргызстандын дүйнөгө таанылышына салым коштум эле го. Өзүм тарбиялаган жигиттерге кантип чыккынчылык кылмак элем. Мен жигиттерди машыктыруу менен гана алек болуп, каржы маселесине киришкен эмес элем.

Башкы машыктыруучу, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Жамбулат Амантаевдин пикиринде, Бразилиядагы дүйнө чемпионатына кыргызстандык жигиттер катышканда, алардын беш-алтоосу байгелүү орундарга талапкер болушмак.

Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн 15 жигит тамак-ашы, мейманканасы жана жол киреси үчүн каражат топтоп, федерация жетекчилигинин колуна карматкан. Ар бир спортчу дүйнө чемпионатына катышуу үчүн жол киреге деп 1800 доллар чыгарган. Кикбоксчулар дүйнө чемпионатына жакшы үмүт менен аттанып, бирок ара жолдон Стамбулдан 3-октябрда кайтып келүүгө аргасыз болушту.

Түркиялык жаранга алдатып койгон машыктыруучу Талант Сүйүнбаев бардык чыгымдарды спортчуларга төлөп берүүгө журналисттер алдында убада берди. Бирок спортчулар федерация жетекчилерине, машыктыруучу Талант Сүйүнбаевге анча ишене албай турушат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG