Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Сурабалдиевге арналган дзюдо турнири


10-октябрда Грекияда самбо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Бишкекте дзюдо боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды.

10-октябрда Грекиянын Салоники шаарында самбо күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Мында 35 өлкөнүн 18-20 жаштагы беш жүздөй өкүлү мөрөй талашууда.

Кыргызстандын намысын 17 самбо чебери коргоп жатат. Алардын катарында Азия, дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп жүргөн Эламан Касымбаев жана Артур Те бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев маалымдады.

Дүйнө биринчилиги 14-октябрда жыйынтыкталат.

Футбол фестивалы жыл сайын өтөт

Жеткинчектер арасында футбол боюнча Азия фестивалы ар жыл сайын өткөрүлүп турмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Түштүк Кореяда өткөн футбол фестивалына катышып келген Дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Инчон шаарында өткөн футбол фестивалына 16 өлкөнүн 11-13 жаштагы жеткинчектеринин 60 командасы катышты. Кыргызстандык жаш футболчулар байгелүү орундарды ээлеп келди.

Фехтования: Финляндиядагы дүйнө кубогу

10-октябрда кыргызстандык 3 спортчу Финляндияга аттанып кетти. Бул өлкөнүн Турку шаарында фехтования боюнча дүйнө кубогу үчүн таймашуулар 12-13- октябрда болмокчу. Мында өлкө намысын жигиттерден Роман Петров менен Денис Никитин, кыздардан Ирина Кирейчева коргойт.

Жакында эле Кувейтте өткөн дүйнө чемпионатында Роман Петров 6-орунга илинип, адистердин көңүлүн бурган.

Сурабалдиевди эскерүү турнири

10-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын Дзюдо улуттук федерациясынын алгачкы президенти, СССРдин спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу Жыргалбек Сурабалдиевди эскерүүгө арналган жаштар арасында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Сейдулла Калиев бул мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, кийинки жылы дагы башка өлкөлөрдү чакыруу зарылдыгын белгиледи.

Эл аралык дзюдо мелдешине 18 жашка чейинки кыргызстандык жана казакстандык эки жүздөй спортчу катышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү да аныкталды. Жеңил салмакта кыздардан бишкектик Айсулуу Казакова баш байгенин ээси болду. 70 кило салмакта биринчи орунду бишкектик Айжан Кадырбекова жеңип алды. Жигиттерден казакстандык Марлен Маратов, кыргызстандык Азамат Бектурсунов, Нурболот Расулов жана Бектур Абдрасулов биринчи турнирдин баш байгесин утуп алды.

Мелдешке Казакстандан күчтүү атаандаштар келип, таймашуулар курч мүнөздө өткөнүн “Азаттыкка” 60 кило салмактын жеңүүчүсү Бектур Абдрасулов айтып берди.

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды, медалдарды Жыргалбек Сурабалдиевдин достору, бир туугандары жана шакирттери тапшырды.

Эгемен өлкө болгону Жыргалбек Сурабалдиев Дзюдо федерациясын жана Бишкек шаардык спорт мектебин жетектеген. Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, өлкөнүн ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси болгон.

Ондогон спорт чеберлерин тарбиялап, дзюдо, самбо спортунун өнүгүшүнө салым кошкон. 2005-жылдын 10-июнунда Бишкекте белгисиз бирөө атып кеткен.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG