Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Нью-Йорктогу кыргыз балбанынын жеңиши


12-ноябрда Нью-Йорктогу эл аралык мелдеште кыргыз балбаны алтын медаль тагынды. Түштүк Кореядан таэквондо боюнча Азия чемпионатынан кыргыз спортчулары жеңиш менен келди.

Америка Кошмо Штаттары күрөш өнүккөн 8 өлкөнүн тандалган балбандарын Нью-Йорк шаарына чакырып, эл аралык Гран-при турнирин уюштурду.

11-октябрда эркин күрөш боюнча 55 кило салмакта кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу бардык атаандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда орусиялык Омак Сюрюнду 12:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев сүйүнчүлөдү.

Таэквондодон таанылгандар

12-ноябрда Түштүк Кореядан кыргызстандык спортчулар олжолуу келишти. Таэквондо боюнча студенттер арасында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык Арген Ташанов 68 кило салмакта күмүш байгелүү болду. Ал сингапурлук, жапон атаандаштарын утуп, финалда монгол балбанына жеңилип, экинчи орунду ээледи.

Эржан Исаев менен Улук Мураталиев коло байге утуп келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.

Олимпиаданын жеңүүчүсүнүн урматына

12-ноябрда Казакстандын Караганда шаарында бокс боюнча Лондон олимпиадасынын чемпиону Серик Сапиевдин байгесине арналган эл аралык турнир башталды. Мында 16-17 жаштагы уландар мөрөй талашууда. Кыргызстандык жаш мушкерлерди Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиону, Азия оюндарынын коло байге ээси Таалай Кадыралиев баштап барды.

Кыздар да футболго кызыгат

12-ноябрда Бишкектеги улуттук футбол борборунда кыздар арасында футзал боюнча турнир башталды. Бул турнир Азия футбол конфедерациясынын демилгеси менен өтүп, кыз-келиндер үчүн футбол аянты да ачылды. Мелдешке 14 жашка чейинки курактагы 4 команда катышууда.

Мушкерлердин дүйнөлүк кадыр-баркы

Жакында Алматыда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатынан кийин Эл аралык бокс федерациясы дүйнө жүзүндөгү мыкты мушкерлердин тизмесин жарыялады. 52 кило салмакта Азия чемпиону Азат Үсөналиев дүйнөлүк рейтингде 7-орунда турат. Мында чеберчилиги менен таанылган дүйнөдөгү 31 мушкер талдоого алынган. 64 кило салмактагы Эрмек Сакенов 7-орунда, 56 кило салмактагы Өмүрбек Малабеков 11-орунда турганы кыргыз мушкерлеринин дүйнөлүк кадыр-баркынан кабар берет.

"Соңку жылдары кыргызстандык жигиттердин чеберчилиги жогорулап, эл аралык мелдештерде атаандаштарына теңата боло баштады", - дейт бокс боюнча башкы устат, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов.

Допинг менен кармалып, байгеден айрылды

13 жаштагы суучул Владислав Шулико тыюу салыган допинг колдонгону үчүн бир жылга спорттон, мелдештерден четтетилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" уландардын башкы устаты Александр Заваринский маалымдады.

Алматыда өткөн өспүрүмдөрдүн Евразия оюндары учурунда Владислав Шулико допингге каршы текшерүүдө аны колдонгону аныкталган.

"Анын коло байгеси кайтарылып, бир жыл эл аралык мелдештерге катышпайт. Бул окуя башка спортчуларга сабак болушу керек. Кыргызстанда да допинг текшерүүчү борбор ачуу зарыл. Байгелүү орундарды ээлеген бардык спортчулар текшерүүдөн өтүшү керек", - дейт Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG