Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Сабалган кикбоксчунун саламаттыгы дурус


Алексей Федосеев
Алексей Федосеев

Акыркы эки айда кыргызстандык эки спортчуну сабап кетишти.

Август айынын акыркы түнү пикир келишпестиктен улам бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, жаак сөөгү эки жеринен сынган кикбоксчу, Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын күмүш байге ээси Алексей Федосеевдин учурда абалы жакшы.

- Ден соолугум жакшы боло элек, акырындык менен машыгып жатам. Мага жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө – РТР телекомпаниясы мени менен келишим түзүүгө даяр. Эгерде ал ишке ашса, анда телеканал ага өзү демөөрчү издейт, анда жарнамадан рингге салыштырмалуу көбүрөөк каражат табат элем. Андан тышкары мага дүйнөлүк аренага чыгуу шансы берилиши ыктымал.

Федосеев андан ары дарыгерлер рингге чыгууга уруксат беришкенин, ошентсе да алган жаракатынан кийин кооптонуулар жок эмес экенин кошумчалады.

- Менин машыгуу графигим өтө жыш. Ноябрь айына чечүүчү таймаш пландалган эле. Бирок спортчу катары тобокелге баргым келбейт, мага ден соолук маанилүү. Андан сырткары мен физикалык жактан гана эмес, психологиялык жактан да даяр болушум керек.

Алексей Федосеев Бишкектеги “Тагай бий” кафесинде досун коргойм деп катуу тепкиде калган. Ага бир нече адам кол көтөргөн. Андан соң ага операция жасалган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Федосеев айыпталып жаткандарга доосу жок экенин билдирген болчу.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Алексей Федосеев токмоктогон балдарга арызданбай, тергөө иши жабылганын билдирди. Демек сабагандар өз жазасын албай, кылмыш иши жабылып калды.

- Ал балдар мастык кылып коюшту, эртеси менден кечирим сурап келишти. Мен үчүн тагдыры сынып калбасын дедим. Алар дары-дармектерди алып, дарылануума жардам беришти. Мен алардын үстүнөн арызданган жокмун, - деди Алексей Федосеев.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров болсо бул окуя башкаларга сабак болушу үчүн чоң муштумдар жазасын алыш керек эле деген ойдо.

Алексей Федосеев “Гермес профи” спорт клубунун тарбиялануучусу. Буга чейин ал кикбокстун К1 версиясы боюнча бир катар эл аралык мелдештерде жеңип, эки жолу Евразиянын, бир жолу континенттер аралык кубогун жана бир жолу Дүйнө чемпиондугунун кубогун утуп алган.


26-октябрда Орусиянын Якутск шаарындагы түнкү клубдарынын биринде да ушуга окшош дагы бир окуя болду. Анда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөсү Иннокентий Иннокентьев сабалган. Балбанды жана анын досун бир нече адам сабап, ур-токмокко алышкан. Бул окуя видеокамерага тартылып калган.

- Чыр-чатак эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Иннокентий Иннокентьевдин учурдагы ал-абалы, алган жаракаты тууралуу эч кандай маалымат жок, - дейт эркин күрөш боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Анарбек Үсөнканов.

Орусияда туулуп, өскөн Иннокентий Иннокентьев жети жылдай убакыттан бери Кыргызстандын жарандыгын алып, 74 кило салмакта өлкө намысын коргоп келүүдө.


"Азаттыктын" "Көрөгөч" рубрикасына түшкөн тасма

Кыргызстандык спортчу Орусияда сабалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG