Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Кыргызстанда майып балдарды спортко тартуу иши көз жаздымда калып келген. Мындай жаштар үчүн атайын спорт жайлары, имараттар жокко эсе. Балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн билген спорт адистери да табылбайт.

Кыргызстандык майып спортчулар бир нече Азия оюндарына, паралимпиадага бирин-экөө катышып жүргөнү менен алар колдоого муктаж. Майып спортчулар кароосуз калышканын, алар жардамга муктаж экенин “Азаттыкка” Лондон паралимпиадасынын катышуучусу, эл аралык спорт чебери Эсен Калиев айтып берди.

- Бизди дене тарбия, спорт агенттигинин жетекчилери көрөйүн деген көзү жок. Кабыл алып, ал-абалды сурап да коюшкан жок. Өкмөт тарабынан эч кандай камкордук көрүлгөн эмес. Өз арбайыбызды өзүбүз согуп, ооруну да жеңип, өлкөнү да таанытып келатабыз. Дүйнө жүзүндө майыптар спорту өнүгүп жатат. Атүгүл Борбор Азия өлкөлөрүндө да паралимпиадалык комитеттер түзүлүп, максаттуу иш жүргүзүүдө.

Кыргызстандагы майып спортчуларга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай жатканын өлкөнүн паралипиада комитетинин президенти Бакыт Исаев да айтып, кейип турду.

- Бул мезгил талабы. Дүйнө жүзүндө майыптарга көңүл буруп, алар үчүн шарт түзүлүүдө. Мелдештер өтүп, бизди да чакырып турат. Бирок каражат маселеси кендирди кесип турат. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныта турган балдар бар. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл. Майыптарга ылайык спорт залдары, адистер да жок. Майыптарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн майып спортчуларды колдоого жумшаса, биздей майыптар спорт менен ден соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним оту жанат эле.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун айтымында, шаар мэриясынын чечими менен майып спортчулар залдарда бекер машыгат.

- Бишкек шаарында 6 спорт мектеби болсо, ошонун экөө майып спортчуларга арналган. Бул мезгил талабы, себеби дүйнө жүзүндө майып спортчуларга көңүл бурулуп, алардын чеберчилиги өсүп баратат. Ушул агымдан биз да артта калбашыбыз керек. Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүргөн спортчуларга колдон келишинче шарт түзүлүп, камкордукка алууга аракет кылып жатабыз. Былтыр Эсен Калиевди Лондон паралимпиадасына жибердик. Бизде майыптар үчүн спорттун беш түрү боюнча ийримдер иштеп жатат. Алар үчүн спорт борборун уюштуруп, бекер машыгууга шарт түздүк.

Майып спортчулар балдак, араба менен автобустарга түшө албай, кыйналып жүрүшөт. Ошондуктан аларды спорт залга ташып жүрүү үчүн федерация өкмөткө бир жеңил унаа берүү өтүнүчү менен кайрылган. Андан бери үч жылдай убакыт болсо да, маселе чечилген жок.

Өлкөнүн дүлөйлөр жана сокурлар бирикмесинин жетекчиси Калык Мамбетакуновдун пикиринде, майып спортчулар мамлекет тарабынан колдоого алынбай келүүдө.

- Эгемен өлкө болгону майып спортчуларга өкмөт көңүл буруп, ал-абалын сурап да койгон жок. Паралимпидалык оюндар спорттун 20 түрү боюнча өткөрүлүп жүрсө, кыргызстандыктар 5 оюндарда тең спорттун пауэрлифтинг боюнча гана бир же эки спортчу катышкан. Өзбекстан майып спортчуларына ар жылы 400 миң доллар бөлсө, Азербайжан 800-900 миң доллар берет. Бизде адис-машыктыруучулар да, шарт да жок.

Кырсыкка кабылып, эки буту тең басууга жарабай калган жетиөгүздүк Жыргалбек Балбаков спорт анын жашоого болгон үмүтүн кайра жандырганын айтып, башкаларды да ушул жолго үндөдү.

- Ооруга жеңдирип, чүнчүп жашагандан көрө, спорт менен машыгып, алдыга бир максат коюп, үмүт менен жашоо керек. Биздей майыптарга өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлсө, анда биз Кыргызстанды дүйнөгө таанытат элек. Өзүбүз менен өзүбүз болуп, мелдештерге бараарда гана машыга калып, бизге көңүл бурулбай келет. Жатакана, үй маселеси чечилбей, батирлерде эптеп жан сактап жүрөбүз.

Бишкекте майып спортчулар менен өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Аднан Жабраилов гана натыйжалуу иштеп келетат.

Майып спортунун күңгөй-тескейи

Кыргыз жергесинде майып спортчулар 1990-жылдан тартып ийгилик жаратып, союздук аренадагы мелдештерге катыша баштаган. Ташкен шаарында 1990-жылы өткөн СССРдин чемпионатында кыргызстандык Бакыт Бакчиев 57 кг. салмакта оордук көтөрүү боюнча СССРдин чемпиону аталган.

1991-жылы оор атлетикадан майып спортчулар: Роман Өмүрбеков, Эдуард Гисов жана Александр Качалов да Шериктеш өлкөлөрдүн баш байгесинин ээси болушкан.

Кыргызстанда 1992-жылы майып спортчулар клубу түзүлүп, 1994-жылы өзүнчө федерация болуп, Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчөлүккө кабыл алынган. Ошондон бери Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев катышса, 2000-жылдагы Сидней паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргоду. Афина паралимпиадасына Роман Өмүрбеков, Шовкат Мугалимов жана Эдурад Гисов катышкан. Бээжин паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков катышып, ийгилик жарата алган эмес. Лондон паралимпадасына Эсен Калиев катышкан. Ал жакында эле 2016-жылы Бразилияда өтө турган паралимпиадага да жолдомо алды.

Жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуучу майып кыз- жигиттер арбын.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG