Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Кыргыз балбандарынын Орусиядагы жеңиши


4-декабрда Орусиядан кыргыз балбандары жеңиш менен келди. Казакстандан таэквондочулар 13 байге утту.

4-декабрда Орусиядан кыргыз балбандары олжолуу келди. Краснодарск шаарында өткөн эркин күрөш боюнча уландар арасында эл аралык мелдеште жаш балбандар 2 күмүш жана 2 коло байге утту. Жеңил салмакта Акбар Кенжебек уулу жана 76 кило салмакта Нарбек Изабеков экинчи орунду ээледи. Аязбек Токтогул уулу менен Жаныбек Аллахунов коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Айбек Акматов маалымдады.

Эл аралык турнир үч жолку олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевдин байгесине арналып, 10 өлкөнүн үч жүз элүүдөй балбаны күч сынашты. Мында өлкө намысын кыргызстандык 15 жаш балбан коргоду.

Чыгыш өнөрү менен Азияда таанылып

Учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында карате-до чыгыш өнөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мында өлкө намысын 13 спортчу коргоп жатат. Кыргызстандык Жамиля Кайыпбекова ушул Азия чемпионатында өспүрүмдөр арасында 48 кило салмакта күмүш медал утуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.

Ошондой эле, Азия биринчилигинин өспүрүмдөр арасындагы таймашында кыргызстандык Ванесса Таалайбек кызы, Канышай Балкыбекова жана Эрбол Жумалиев коло байгелүү болду. Азия чемпионаты 7-декабрда жыйынтыкталат.

Казакстандан алтын, күмүш, коло байгелер

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн таэквондо боюнча Grand Prix Almaty эл аралык мелдешинде 13 медал утуп келди. Бул тууралуу таэквондо федерациясынын президенти Валерий Олейниченко билдирди.

Таеквондо таймаштарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын спортчулары күч сынашып, кыргызстандыктар 4 алтын, 1 күмүш, 8 коло медал утуп алышты.
Алматы шаарындагы бул турнирде Карлыгаш Фаткулина, Татьяна Тарасенко, Айдир Харли, Алишер Харов алтын медал жеңди.

Үстөл теннистен чемпиондор аныкталды

Алишер Якупбаев үстөл тенниси боюнча өлкө чемпиону аталды.

Өлкөнүн ачык чемпионатында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстандын тандалган спортчулары күч сынашты. 2-орунду түркмөнстандык Рашид Ахмедов, 3-орунду бишкектик Руслан Култаев ээлдеди.

Нурдин Букуев Азия кубогунда калыс

4-декабрда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) калысы Нурдин Букуев футзал боюнча Азия кубогунун мелдештерине калыстык кылуу үчүн Малайзияга аттанып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нурдин Букуев өзү маалымдады.

Батыш аймагынын мыктыларын тандоо турнири 8-декабрда Куала-Лумпур шаарында башталат. Мында Кувейт, Катар, Ливан, Ирак жана Сауд Арабиянын тандалма командалары мөрөй талашат. Алардан үч команда гана 2014-жылкы Азия кубогуна жолдомо алышат.

Жакында эле Ташкенде өткөн Борбор Азия аймагындагы турнирде Кыргызстандын футзал командасы Азия кубогуна жолун ачты. Финалдык беттешүүлөр келерки жылы Вьетнамда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG