Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Келаткан жылдын 24-январында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталат. Бул мелдешке Кыргызстандын жаштар командасы катышат.

Келаткан жылдын 24-январында Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталат. Бул мелдешке мурда КМШнын чемпиондору катышып келген.

Үч жылдан бери жаштар командаларынын таймашына айланып калды. Себеби жыл өткөн сайын бул мелдештин деңгээли төмөндөп, футболу өнүккөн айрым өлкөлөр атаандаштарын теңсинбей калган эле. Ошондуктан оюндун уюштуруучулары жаштар командаларына кезек берип, турнирди жаңы баскычка көтөрүүнү максат кылууда.

Быйылкы Шериктештер кубогу мелдешине 12 команда катышып, үч топко бөлүнүп, күч сынашмакчы. Чүчү кулак кармоодо Кыргызстандын жаштар тандалма командасы күчтүү атаандаштарга туш болду.

"А" тобунда Украина, Эстония жана Тажикстандын жаштар командаларына каршы туруу кыйын болоорун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов “Азаттыкка” айтып, моюнга алды.

24-январда кыргызстандык футболчулар биринчи беттешүүдө Украинанын жаштар командасына каршы ойнойт. 25-январда Тажикстандын футболчулары менен беттешет. 27-январда Эстониянын жаштар командасы менен ойнойт.

"Санкт-Петербургда Шериктештер кубогунда кыргызстандык футболчулар атаандаштарын утуп алышы күмөн. Себеби атаандаштарынын деңгээли жогору, даярдыгы дурус. Ошентсе да жаштар үчүн чоң сабак болот", - дейт спорт серепчиси Сурaт Жылкычиев.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын футболчулары Шериктештер кубогу мелдешинде бир да жолу чеке жылытарлык ийгиликке жеткен эмес.

Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев "январда Катар өлкөсүндө даярдык көрүп, топтон чыгабыз",- деди.

- Даярдык жакшы. Жигиттерден маанайы да жарык. Январда Катарга барып, даярдык көрөбүз. Аларда бардык шарт бар. Атаандаштар да күчтүү командалар. Биздин жигиттер мындай ири мелдештерде такшалып, тажрыйба гана алып келет. Быйылкы башкы максат топтон чыгып, байгелүү орундар үчүн аракет кылуу.

Футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев футбол деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгилеп, быйыл теңата ойноп, топтон чыгат дейт.

- Быйыл үмүттү жаштар командасы актай алат деп ойлойм. Себеби, Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңата ойноого дарамети, даярдыгы жетет. Жок дегенде быйыл өз тобуна суурулуп чыгат деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын биздин командалар ири эсеп менен жеңилип келген. Быйыл жаштар ишеничти актайт деп ойлойм. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек.

«В» тобунда Орусия, Литва, Түркмөнстан жана Молдова командалары, «С» тобунда Беларус, Латвия, Өзбекстан жана Казакстан жаштар курама командалары ойнот.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө. Ошондон бери эл аралык мелдештерге катышып келет. Жыйырма бир жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Шериктештик кубогуна катышканы менен ийгиликке жетпеди. Топ тоголок дегендей бул ирет кимдер алдыга чыгат аны мелдеш көрсөтөт.

Санкт-Петербург шаарындагы футболдон Шериктештер кубогу турнири 2-февралда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG