Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Сочи олимпиадасына бир гана спортчу катышат


Кыргызстандык тоо лыжа чебери Дмитрий Трелевский Сочи олимпиадасына жолдомо алды. Футболдон өлкөнүн жаштар тандалма командасы Катардын командасын утту.

7- февралдан 23-февралга чейин Орусиянын Сочи шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 1 гана спортчу катышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

Сочи олимпиадасына катышууга укук берген жолдомону тоо лыжасы боюнча спорт чебери Дмитрий Трелевский гана алды. Себеби ал эки жыл аралыгында дүйнө кубогунун мелдештерине катышып, Сочи олимпиадасына жолдомо алууга жеткидей упай топтой алган.

Сочи олимпиадасына сноубордчулар Алексей жана Павел Вакуриндер да жолдомо алуу үчүн аракет кылышкан. Бирок, алардын жолдомо алуу үчүн топтогон упайлары жетпей арманда калды.

Cочи Олимпиадасында жалпысынан 98 комплект медал ойнотулат. Кыргызстандык спортчулар мындан мурда 3 кышкы оюнга катышканы менен байгелүү орундарга илинген эмес.

Футболчулар Санкт-Петербургга барат

Учурда футбол боюнча өлкөнүн жаштар тандалма командасы Катар өлкөсүндө окуу-машыгууда жүрөт. 20-январда Катардын “Аль-Хилитят” клубу менен жолдоштук беттешүү болуп, мында кыргызстандык футболчулар 1:0 эсебинде утуп алды.

Жеңиштүү топту Нарын шаарынын “Ала-Тоо” командасынын чабуулчусу Динмухамед Таалайбеков киргизди. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов кабарлады. Футболдон өлкөнүн жаштар тандалма командасы 24-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган Шериктештер кубогуна арналган турнирге катышмакчы.

Быйылкы Шериктештер кубогу мелдешине 12 команда катышып, үч топко бөлүнүп, күч сынашмакчы. Чүчү кулак кармоодо Кыргызстандын жаштар тандалма командасы күчтүү атаандаштарга туш болду.

"А" тобунда Украина, Эстония жана Тажикстандын жаштар командаларына каршы туруу кыйын болорун адистер айтышууда. 25-январда Тажикстандын футболчулары менен 27-январда Эстониянын жаштар командасы менен беттешүү болот.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын футболчулары Шериктештер кубогу мелдешинде бир да жолу чеке жылытарлык ийгиликке жеткен эмес.
Санкт-Петербург шаарындагы футболдон Шериктештер кубогу турнири 2-февралда жыйынтыкталат.

Дзюдо: Мыктылар сыналат

22-янарда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн Дзюдо күрөш федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов билдирди.

Өлкө аймагынан тандалган дзюдо боюнча спортчулар 14 комплект байге үчүн ат салышат. Эркектер 8 салмак боюнча, кыз-келиндер 7 салмак боюнча күч сынашат.

Аталган чемпионатта дзюдочулардан быйыл Түштүк Кореяда өтүүчү 17-Азия оюндарына катышуу үчүн мыкты балбандар тандалып алынат.

Турнир өлкөнүн Дзюдо федерациясы жана Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин колдоосу, демөөрчүлүгү менен өткөрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG