Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

24-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталды. Бул мелдешке Кыргызстандын жаштар командасы катышууда.

24-январда Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталды. Бул мелдешке мурда КМШнын чемпиондору катышып келген.

Үч жылдан бери жаштар командаларынын таймашына айланган Шериктештер кубогу мелдешине 12 команда катышып, үч топко бөлүнүп, күч сынашуулар башталды. Чүчү кулак кармоодо Кыргызстандын жаштар тандалма командасы күчтүү атаандаштарга туш болду.

Алар "А" тобунда Украина, Эстония жана Тажикстандын жаштар командалары менен мөрөй талашат. Бул атаандаштарына каршы туруу кыйын болоорун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтты:

- Санкт-Петербургда Шериктештер кубогунда кыргызстандык футболчулар атаандаштарын утуп алышы күмөн. Себеби, атаандаштарынын деңгээли жогору, даярдыгы дурус. Ошентсе да жаштар үчүн чоң сабак болот го. Алар быйыл да өз тобунан алдыга чыгалбайт.

24-январда кыргызстандык футболчулар биринчи беттешүүдө Украинанын жаштар командасына каршы ойногону турат. 25-январда Тажикстандын футболчулары менен беттешет. 27-январда Эстониянын жаштар командасы менен ойнойт.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов:

- Даярдык жакшы. Жигиттердин маанайы да жарык. Январда эки жумадан ашуун убакыт Катарга барып, даярдык көрдүк. Аларда бардык шарт бар экен. Чынында атаандаштар да күчтүү командалар. Биздин жигиттер мындай ири мелдештерде такшалып, тажрыйба гана алып келет. Быйылкы башкы максат топтон чыгып, байгелүү орундар үчүн аракет кылуу,- деп билдирди.

Футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев футбол деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгилеп, “быйыл теңата ойноп, топтон чыгат",- дейт.

- Быйыл үмүттү жаштар командасы актай алат деп ойлойм. Жок дегенде быйыл өз тобуна суурулуп чыгат деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын биздин командалар ири эсеп менен жеңилип келген. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам,колдоо керек.

«В» тобунда Орусия, Литва, Түркмөнстан жана Молдова командалары, «С» тобунда Беларус, Латвия, Өзбекстан жана Казакстан жаштар курама командалары ойнот.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө. Ошондон бери эл аралык мелдештерге катышып келет. Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын футболчулары Шериктештер кубогу мелдешинде бир да жолу чеке жылытарлык ийгиликке жеткен эмес. Топ тоголок дегендей бул ирет кимдер алдыга чыгат аны мелдеш көрсөтөт.

Санкт-Петербург шаарындагы футболдон Шериктештер кубогу турнири 2-февралда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG