Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Трелевский: Сочи олимпиадасына катышуу - сыймык


Сочи олимпиадасынын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Бул олимпиадага Кыргызстандан тоо лыжасы боюнча чебер Дмитрий Трелевский гана жолдомо алды. Сочиде өлкө намысын коргогону жаткан жалгыз спортчуну сапарга аттанаар алдында сөзгө тарттык.

- Бул тоо лыжа спортуна кандайча кызыгып калдыңыз?

- Кичинекей кезимден эле лыжа тепкенге кызыкчумун. 3 жашымдан бери лыжа тебем. 8 жашымда шаардык спорт мектебине барып, 1997-жылга чейин лыжа спорту менен машыктым. Анан бир аз тыныгуу болду. Спорт мектебинде машыгып жүргөн учурда республикалык мелдештерде биринчи, экинчи байгелүү орундарды ээлеп жүрдүм.

Машыгуу үчүн Караколдогу лыжа базаларына барып жүрдүк. Чүй жергесиндеги Орловкадагы лыжа базасында да машыккан учурлар болду. 2003-жылдан бери өлкөнүн тандалма командасынын катарындамын. Он жылдан бери тоо лыжа спортуна кесипкөй катары машыгып, эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстандын намысын коргоп жүрөм.

- Кайсыл спорт базаларында машыгасыңар? Кыргызстанда тоо лыжасы менен машыгууга шарт барбы?

- Жайкысын Бишкекте машыгабыз. Айрым учурларда Ысык-Көлдө машыгам. Кыш мезгилинде мелдештер негизинен чет өлкөлөрдө болот. Ошондуктан Австрия, Италия, Германия өлкөлөрүнө барып машыгып, ошол жактагы мелдештерге катышам. Кыргызстанда машыгууга шарт жок.

- Кыргызстандагы тоо лыжа базаларында кесипкөй спортчулар машыга алабы?

- Чынында Кыргызстандагы бирин-экин тоо лыжа базаларынын кесипкөй спортчулар машыгуу үчүн шарты жок. Лыжа менен ылдамдыкта тээп түшүүчү жолдору эл аралык шарттарга жооп бербейт. Ошондой эле, эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн Эл аралык лыжа спорт федерациясынан лицензия, уруксат алыш керек. Андай уруксаты бар лыжа базалары Кыргызстанда азырынча жок. Лыжа тебүүнү сүйгөн ышкыбоздор үчүн гана ылайыктуу базалар иштейт. Эл аралык лыжа спорт федерациясынан лицензия алган базалар гана дүйнө чемпионаттарын, эл аралык мелдештерди өткөрө алышат.

- Сочи олимпиадасына даярдыгыңыз кандай?

- Абдан тыгыз график түзүлүп, түйшүктүү машыгуулар болду. Жаңы жылга чейин эки ай чет өлкөлөрдө машыгып, эл аралык мелдештерге катыштым. Тоо лыжасынын гигант, супергигант жана слалом түрлөрү боюнча машыгып жүрөм. Мен катышкан эл аралык мелдештер Франция, Италия, Австрия, Швейцария өлкөлөрүндө болду.

- Сиз Сочи олимпиадасында тоо лыжасынын 3 түрү боюнча катышаарыңыз анык болду. Спорт күйөрмандары үчүн түшүнүктүү болсун, аларды чечмелеп айтып берсеңиз?

- Былтыр жазында эле тоо лыжасынын 2 түрү боюнча Сочи олимпиадасынын талаптарын аткаргам. Ал эми күздөн баштап супер гигант түрү боюнча дагы катышууга аракет кылып, максатыма жеттим. Үчүнчүсү -тоодон лыжа менен ыкчам, өтө тез ылдамдык менен түшүү. Спорттун бул түрү татаал, тобокелге баш байлоону талап кылат. Алыстан караганда күйөрмандарга оңой көрүнгөнү менен тоодон тик ылдый чоң ылдамдыкта түшүү абдан чоң чеберчиликти талап кылат.

- Кыргызстан кышкы спортту өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу жаратылыш шарты бар өлкө болсо да неге көңүл бурулбайт?

- Тоо лыжасы менен машыгуу абдан көп каражатты талап кылат. Бул - өтө кымбат спорт. Ошондой эле бул спортко көп убакыт коротуп, көңүл коюп, талыкпай машыгуу зарыл. Бир спортчуну даярдоо үчүн эле көп каражат чыгымдалат. Кышкы спорт мектептерин уюштуруп, мыкты адистерди даярдап, машыгууга шарт түзүү керек.

- Сочи олимпиадасына жолдомо алуу кыйынга турдубу?

- Ооба, олимпиадага жолдомо алуу үчүн көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүм. Быйылтан баштап Эл аралык олимпиада комитети менен, Эл аралык лыжа спорт федерациясы да жолдомо алуунун шарттарын күчөтүп, катуу талаптарды койду. Олимпиадага жолдомо алуунун эрежелери да өзгөрүп, мыктыларды иргеп алуу мелдештерине беш ирет катышуу, 140 пункттан турган талаптарды аткаруу керек болду. Супер гигант түрү боюнча эл аралык ири 3 мелдеште алар койгон талаптарды аткарууга туура келди. 2-3 гана секунд айырма менен жолдомо албай калгандар болду.

- Кыргызстандын тоо лыжасы боюнча үч жигит Сочи олимпиадасынын талаптарын аткардыңар эле. Тилекке каршы үчөөнүн бирөө гана олимпиадага бармак болуп, жолдомо сизге ыйгарылганынын себебин билсек болобу?

- Үчөөбүз тең чогуу машыгып, эл аралык мелдештерге да бирге катыштык. Экөөнө караганда мен арбын упай топтоп, көрсөткүчтөрүм да жогору болду. Евгений Тимофеев менен менин иним Сергей Трелевскийдин да аракети мактоого татыктуу. Алар мени бучкактап, артымдай калбай, жыл өткөн сайын чеберчилиги да өсүп келатат. Кийинки кышкы олимпиадага алар жолдомо алып, татыктуу орундарга жетет деген ишенич бар. Атаандаштык болгону үчүн, алардын чеберчилиги да жогорулап баратат.

- Сочиге кандай маанай менен бара жатасыз?

- Жакшы маанай, ачык көңүл менен баратам. Байгелүү орундарды ээлейм деп куру убада бере албайм. Себеби атаандаштарым абдан күчтүү спортчулар. Австрия, Германия, Италия, Канада, Норвегия, АКШ сыяктуу спорттук державалардын спортчуларына теңелүү кыйын. Ошондой болсо да артта калбай, жоон ортодо жүрсөм дейм. Олимпиаданын эрежеси боюнча, эң башкысы жеңиш эмес, катышып Кыргызстандын туусу көтөрүлүп, аты аталса деле чоң олжо.

Өзүмдү өзүм жеңсем, көрсөткүчтөрүмдү жогорулатсам дейм. Ошондуктан айрым өлкөлөрдүн спортчуларынан алдыга озуп чыга алам. Бул менин экинчи олимпиадам. 2010-жылы Ванкувер шаарында өткөн кышкы олимпиада оюндарына да катышкам.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG