Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Кыргыз хоккейчилеринин жеңиши


24-февралдан бери Бишкекте хоккей боюнча Азия чакырык кубогунун мелдештери өтүүдө. Мында катышып жаткан 4 өлкөдөн Кыргызстандын курама командасы жарым финалга чыкты.

1-мартта Бишкектеги шаардык муз айдыңында өтүп жаткан шайба хоккейи боюнча Азия чакырык кубогунун жарым финалында Кыргызстандын курама командасы Индия өлкөсүнүн командасы менен беттешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Азия континентинде хоккей оюнун жайылтуу, өнүктүрүү максатында “Азия чакырык” кубогу мелдеши Бишкек шаарында 24-февралдан бери өткөрүлүп жатат.

Алгачкы күндөрү мыктыларды иргеп алуу мелдештеринде Кыргызстандын тандалма командасы сингапурдук хоккейчилерди 6:3 эсебинде жеңип алган. Экинчи таймашууда Индия өлкөсүнөн мыктыраак экенин далилдеп, аларды дагы 6:3 эсеби менен уткан. Кыргызстандык хоккейчилер үчүнчү атаандашы Макао өлкөсүнүн командасын дагы 3:1 эсеби менен жеңип алган. Мүмкүн болгон тогуз упайдан тогузун Кыргызстандын командасы топтоп, лидерликти колго алышты. Эми финалга чыгуу үчүн кыргызстандыктар кайрадан Индия өлкөсүнүн командасы менен оюн өткөрөт. 1-март күнү Сингапур жана Макао өлкөлөрүнүн командалары да беттешип, мында дагы финалга чыга турган экинчи команданы аныкташат.

Кыргызстанда жалпысынан тиешелүү жабдыктар менен жабдылган 8 хоккей командасы бар. Мына ушул 8 клубдан мыкты жигиттерден тандалма команда түзүлгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан тиешелүү жабдыктар менен жабдылган 8 хоккей командасы бар. Аталган командалар шайба жана топ менен хоккей ойношот. Азия чакырыгы кубогунда биздин курама командалар мыкты көрсөткүчтөргө ээ болду. Бирок ушул деңгээлге бир күндө эле жеткен жок. Федерациянын, ошондой эле Нарын, Чүй облустарынан жана Бишкектен чыккан чыгаан атуулдардын көмөгү менен ушул деңгээлге жетип отурат. Мына Сингапур, Индия курама командаларын жеңип, мыкты чеберчилигин көрсөтө алышты, - деди Оморканов.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, бул турнир өлкөдө хоккей оюнунун өнүгүшүнө өбөлгө болот. Келечегинен үмүткөр кылган Дуулат Абышев, Уран Турсунбеков, Аман Эсен уулу, Төлөгөн Жолдошбек уулу дурус оюн көрсөтүүдө.

Хоккей: Бишкектеги эл аралык мелдеш
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Команданын улук устаты,өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Болот Бектемишовдун айтымында, Азия чакырык кубогуна даярдык Бишкекте эки этап менен өткөрүлгөн. Кошумчалай кетсек, курама командада эң жаш хоккей оюнчусу Дуулат Абышев 17 жашта. Ал “Жумгал-Шортон” хоккей клубунун өкүлү.
Бул Азия чакырык кубогуна Филиппиндер өлкөсү да чакырылган. Алар белгисиз себептерден улам турнирге катышпай калышты. Мелдештин жеңүүчүлөрү 2-мартта аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG