Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Ошто футбол академиясы курулат


Ош шаары.
Ош шаары.
Анын алкагында 5 футбол аянтчасы курулуп, Футбол академиясы 60 орунга ылайыкташтырылып ачылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиевдин жолугушуусунда маалым болду.

Кадыралиевдин белгилешинче, UEFА менен түзүлгөн келишимге ылайык, алар Ош шаарында футбол (2 чоң жана 3 кичи) талааларын курууга 1 млн. АКШ долларын бөлүп берген. Бул каражат Футбол академиясын курууга да жетет.

Мэриядан маалымдашкандай, футбол талааларын куруу үчүн Олимпиадалык резервдик балдар жана өспүрүмдөр мектебинин багынан атайын жер бөлүп берилди. Курулуштарга май айында тендер жарыяланып, июнда иш башталат. Декабрда обьектилер пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG